Ак Үй: Обама азырынча РФке каршы санкциялар жөнүндө мыйзам долбооруна кол коё элек

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАрхив: Барак Обама
Архив: Барак Обама - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле күнү мурдараак АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки журналисттер үчүн туруктуу брифингдин жүрүшүндө санкциялар жөнүндө мыйзам долбооруна Обама качан кол коёт деген суроого "Ал ага кечээ кол койду" деп жооп берген эле.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. АКШнын президенти Барак Обама азырынча Россияга карата санкциялар жөнүндө мыйзамга кол коё элек деп билдирет РИА Новости Ак Үйгө таянуу менен.

"Президент азырынча бул мыйзам долбооруна кол коё элек", — деди агенттиктин маектеши.

Аталган документке качан кол коюларын Ак Үйдөгүлөр тактап айтышкан жок.

Ошол эле күнү мурдараак АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки журналисттер үчүн туруктуу брифингдин жүрүшүндө санкциялар жөнүндө мыйзам долбооруна Обама качан кол коёт деген суроого "Ал ага кечээ кол койду" деп жооп берген эле. 

Шейшембиде болсо Ак Үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест аталган документке Обама "жуманын аягына чейин" кол коёт деп болжогон. 

АКШ жана ЕБ россиялык саясатчылар менен ишкерлерге каршы санкцияларды кантип киргизишкен

АКШ жана ЕБ Крымдын Россияга кошулушун таанышпайт жана Москваны Украинанын ишине кийлигишкендик үчүн күнөөлөп жатат. Россия муну мойнуна албайт жана мындай айыптоолор орунсуз деп эсептейт. Батыш өлкөлөрү март айынан бери россиялык бир катар саясатчыларга, ишкерлерге жана компанияларга каршы бир нече жолу санкцияларды киргизип, чектөөчү чараларды дагы кеңейтебиз деп коркутушкан. Акыркы жолу мындай санкциялар сентябрь айында киргизилген. 

Европа биримдиги 26-июлда 15 россиялык жаранга жана өз алдынча жарыяланган ДЭР жана ЛЭР өкүлдөрүнө, ошондой эле Севастополь деңиз порту, "Соболь" коомдук уюму сыяктуу Крымдын бир катар компанияларына каршы санкцияларды киргизген. Алсак, санкциялык тизмеге Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников Россиянын тышкы чалгындоо кызматынын директору Михаил Фрадков, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, анын орун басары Рашид Нургалиев жана кеңештин мүчөсү Борис Грызлов, Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Краснодар аймагынын башчысы Александр Ткачев кирген.

Вашингтон менен Брюсселде санкциялык тизмени зарылчылыгына жараша дагы кеңейтүүгө даяр.

Батыштын санкцияларына Россия кантип жооп берген

Россиянын президенти Владимир Путин 6-августта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн айрым экономикалык атайын чараларды колдонуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Москвага каршы санкцияларды киргизген өлкөлөрдөн бир катар товарларды импорттоо бир жылга чектелген. Тийиштүү тизмеге уй эти, чочконун эти, жемиштер, канаттуулардын эти, сыр жана сүт азыктары, жаңгактар жана башка азык-түлүктөр кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0