ЖК комитети Сариеванын министрликке талапкерлигин колдоду

Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигине сунушталып жаткан Сариеванын талапкерлигин адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жактырды.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. ЖКнын адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Эльвира Сариеванын билим берүү жана илим министрлигине талапкерлигин жактырды. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Архив: Эльвира Сариева - Sputnik Кыргызстан
Сариева: Билим берүү министрлигине талапкерлигимдин сунушталышы – мен үчүн сыймык
Аны аталган кызмат ордуна Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы сунуштаган эле.

Комитеттин шейшембидеги жыйынында Мыктыбек Абдылдаев, Чыныбай Турсунбеков жана Наталья Никитенко Эльвира Сариевага министрлик жаңы кызматына ийгиликтерди каалады.

Эльвира Сариева өз талапкерлигин Билим берүү министрлигине сунушталганы ал үчүн сыймык экендигин жана билим берүү, илим тармагына жакшылап көңүл буруу зарылдыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0