"Нормандиялык төрттүк": Байланыш тобун кайра чогултуу маанилүү

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүАрхив: Минск шаарындагы үч тараптык жолугушуу
Архив: Минск шаарындагы үч тараптык жолугушуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Нормандиялык төртөө" үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Франциянын провинциясында союздук аскерлердин келгендигинин 70 жылдыгын белгилөө учурунда төрт лидердин жолугушуусунан кийин пайда болгон. Анда Германиянын канцлери жана Франциянын президенти Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнө биринчи жолу ортомчулук кылышкан.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин, ГФРдин Федералдык канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Украинанын башчысы Пётр Порошенко телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Минсктеги макулдашуулар ишке ашырылып жана Киев өлкөнүн түштүк-батышы менен диалогду жөнгө салуусу үчүн Байланыш тобунун отурумун тез арада өткөрүү маанилүү экендигин белгилешти деп билдирет РИА Новости Кремлдин маалымат кызматына таянуу менен. 

"Минсктеги макулдашууларды ишке ашырып жана Киев өлкөнүн түштүк-батышы менен диалогду жөнгө салуусу үчүн Байланыш тобунун отурумун тез арада өткөрүү маанилүү экендиги белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.

Февраль айындагы мамлекеттик төңкөрүшкө нааразы болгон Украинанын чыгыш бөлүгүнүн тургундарына каршы Киевдин бийлиги апрель айында күч колдонулган операцияларды баштаган. БУУнун акыркы маалыматтары боюнча, 4,6 миңден ашык карапайым тургундар чыр-чатактын курманы болуп, дагы 10 миңден ашык адам жаракат алган.

Россия менен ЕККУнун ортомчулугу алдында тараптар Минскте 5-сентябрга чейин чыр-чатакты токтотууну макулдашып, бирок бири-бирин аны бузгандык үчүн айыпташкан. 9-декабрда Украинанын чыгышында ыктыярчылар менен расмий күчтөрдүн ортосунда кайра убактылуу тынчтык орнотулду. Ага жетишүүгө ЕККУ ортомчулук кылган. Ок атууларды токтотуу Минскте Байланыш тобунун жаңы сүйлөшүүлөрдүн алдында болот деп болжолдонууда, бирок жолугушуу кайсы күнү өтөрү эмдигиче белгилене элек. 

Акыркы күндөрү жолугушуу убактысы кеминде үч жолу алмашкан. Алгач Киев аны 9-декабрда өткөрүү демилгесин көтөргөн болчу, бирок ага өз алдынча жарыяланган ДЭР менен ЛЭР өкүлдөрү даяр эмес болуп чыкты. Андан соң 12-декабрь аталды, кийинчерээк ал 11-декабрга жылдырылышы мүмкүн деген сөз пайда болду. Германиянын ТИМ башчысы Франк-Вальтер Штайнмайер бул жолугушуу 25-декабрга чейин болот деген үмүтүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0