Астанадагы ШКУга мүчө мамлекеттердин жыйынында регионду өнүктүрүү талкууланды

Жазылуу
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Астанадагы өкмөт башчылардын жолугушуусунда ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү келечектүү багыт бойдон калышы керектигин айтты.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Астана шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешмесинин кезектеги жыйынына катышып, бир катар жолугушуулар тар чөйрөдө өттү. 

Абдулла Абдулла: Ооган өкмөтү этникалык кыргыздарга үзгүлтүксүз көмөк көрсөтүүгө даяр
Астанадагы бул жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчылар ШКУга мүчө өлкөлөр аралык кызматташууну өнүктүрүү маселесине тийиштүү ар тараптуу кеңири чөйрөдөгү суроолорду талкуулашты.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев республика ШКУга мүчө мамлекеттердин бардык ишкерлери жана финансылык чөйрөлөрүнүн экономикалык ири долбоорлору ишке ашуусу зор мааниге ээ экендигин айтты. Аталган тармактагы кызматташууну күчтөндүрүүдө маанилүү ролду Ишкерлер кеңеши жана ШКУнун Банктар аралык бирикмеси алышы керек.

Оторбаев ШКУ өлкөлөрүнүн майнаптуу делген экономикалык жана инвестициялык долбоорлорун алдыга алып чыгуу жолдору туурасында ойлонуу зарылдыгын, энергетикалык ресурстар менен кен байлыктарды майнаптуу колдонуу биринчи кезектеги багыттар болушу керек деп белгиледи. 

"ШКУнун ишкердик чөйрөлөрүн аймакты өнүктүрүүгө таасирин тийгизе турган ири долбоолорду ишке ашырууга катыштыруу зарылдыгы турат. Андан сырткары, энергетика жаатындагы энергиянын альтернативдүү жана жаңыланган булактарына басым жасоо да маанилүү", — деди Оторбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0