Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачылары чек арадагы абалды талкуулашат

Жазылуу
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулашат.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын башкы штабдардын жетекчилеринин чек ара маселелери боюнча жолугушуусу 12-декабрда өтөт деп билдирет мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Чек ара сүйлөшүүсү боюнча нотага Өзбекстан жооп бере элек - Sputnik Кыргызстан
Чек ара сүйлөшүүсү боюнча нотага Өзбекстан жооп бере элек
Жолугушуу Ош шаарында өтүп, анда эки мамлекеттин чек арачылар тобу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулайт жана чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын 2014-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыгын чыгарып, 2015-жылга карата өз ара иштешүүнүн жана кызматташтыктын негизги милдеттерин аныкташат. 

Андан сырткары, жолугушуунун күн тартибине Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу жана аларды болтурбоо, чыр-чатак чыгып кеткен учурларда аларды чечүү жолдору жөнүндө маселе да киргизилген.

МЧКнын басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыктары боюнча протоколго кол коюла тургандыгы жөнүндө да кабарлады. Кыргыз делегациясын Башкы штабдын жетекчиси, КР Мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Искендербек Мамбеталиев баштап барат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0