Укук коргоо органдарында жана билим берүүдө коррупциянын деңгээли өтө жогору

Жазылуу
Кыргызстандын Коргоо кеңеши коррупция менен күрөшүүнүн Эл аралык күнүндө коррупциялашкан мамлекеттик органдар жөнүндө маалымат берди.

Маматалиев: Пара алып, акча талап кылгандарды милициядан айдаш керек
БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Укук коргоо органдары жана билим берүү чөйрөсү ушул жылдагы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча эң коррупциялашкан деп табылды, деди Sputnik сайтынын кабарчысына өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров.

Анын сөзүнө караганда, Коргоо кеңеши аталган жааттарда антикоррупциялык чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырууда. 

"Жол-кайгуул кызматындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында айдоочулардын инспекторлор менен түздөн-түз байланышуусун азайтууга аракет кылынууда. Бул үчүн ЖКК унааларында накталай эмес төлөмдөр үчүн пост-терминалдар орнотулган. Алар аркылуу айдоочулар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдарды төлөсө болот", — дейт Жумакадыров.

Ал билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү үчүн айрым жождордо абитуриенттерди кабыл алуунун электрондук тутуму, ошондой эле балдарды бала бакчаларга киргизүү үчүн электрондук кезек киргизилген. Бул бала бакчага баласын киргизүү үчүн ата-энелер менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилигинин ортосундагы түздөн-түз байланышты азайтат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0