Катар мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги ачылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАрхив: Президент Алмазбек Атамбаев прибыл с официальным визитом в Государство Катар
Архив: Президент Алмазбек Атамбаев прибыл с официальным визитом в Государство Катар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Катар мамлекетинде расмий иш сапар менен жүргөн президент Атамбаев аталган өлкөдө КРдин элчилигин ачуу боюнча Жарлыкка кол койду.

Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын элчилиги уюштурулду
БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Катар Мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин түзүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдашты.

Элчилик Катар мамлекети менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында ачылууда. 

КРдин Катар мамлекетиндеги элчилиги Доха шаарында жайгашмакчы. Өкмөт дипломатиялык жаңы өкүлчүлүктү түзүүдөгү каржылык маселелерди карап жатат.

Учурда президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапар менен Катар мамлекетинде жүрөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0