15:40 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Президент Алмазбек Атамбаев встретился с Наследным Принцем Эль-Фуджайры Мухаммадом бин Хамад Аль Шарки

Президент Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарындагы иш сапары аяктады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев.
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
11 0 0

Мамлекет башчысы Бирикен Араб Эмираттарында болуп, ар тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулап келди. КР аталган өлкө менен энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, транспорт жана туризм жаатындагы кызматташууга кызыкдар.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында ишемби күнү Эль-Фуджайра эмиратынын Мураскор Принци Мухаммад бин Хамад Аль Шарки менен жолукту. Ал эми жекшембиде Абу-Даби менен Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп, кызматташуу жолдорун талкуулады. 

Алмазбек Атамбаев на встрече с Шейхом Мансур бин Заид Аль Нахайян
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев.
КР президенти Мураскор Принц менен биздин өлкөнүн жана Эль-Фуджайра эмиратынын ортосундагы соода-экономикалык тармакта кызматташтыкты баштоо тууралуу маселелерди сүйлөштү. Алар кайра иштетүү тармагы, туризм чөйрөсү, жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанисин да белгилешти. 

Ал эми Абу-Даби, Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда президент Атамбаев аларды тоо-өнөр жай, энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү, транспорт жана туризм чөйрөлөрүндө инвестициялык долбоорлорго көңүл бурууга чакырды.

"Биз сиздерди Кыргызстанда күтөбүз, Бириккен Араб Эмираттарынан инвестициялар келет деп ишенебиз ", — деди Алмазбек Атамбаев.

Дубайдын Соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы Абдуль Рахман Саиф Аль Гурайр БАЭнин бизнес-коомчулугу эки тараптуу кызматташтыкка кызыкдар экендигин айтты. Ал эки тараптын ишкерлеринин кызматташтыгын активдештирүүнүн маанисин белгилеп, бул иш сапар соода-экономикалык тармакта кыргыз-эмираттык кызматташтыктын өнүгүүсүнө дем берээрине ишеним билдирди.

Буга чейин мамлекет башчысы Атамбаев өлкөлөр ортосунда кызматташуунун, биринчи кезекте, экономика тармагындагы алакабыздын жаңы этабына киришүү зарылдыгын айткан.

Тема боюнча

Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары башталды
Белгилер:
Абдуль Рахман Саиф Аль Гурайр, Мухаммад бин Хамад Аль Шарки, Алмазбек Атамбаев, Дубай, Абу-Даби, Эль-Фуджайра эмираты, Бириккен Араб Эмираттары

ЭҢ МААНИЛҮҮ