Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын элчилиги уюштурулду

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүАрхив: Абу-Даби шаары
Архив: Абу-Даби шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Атамбаевдин Жарлыгы менен Бириккен Араб Эмираттарында Кыргызстандын элчилиги уюштурулмай болду.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жума күнү «Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Элчилик Бириккен Араб Эмираттарындагы Абу-Даби шаарында ачылмакчы. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн максаты — аталган өлкө менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды андан ары өнүктүрүү болуп саналат. 

Өкмөткө бир айдын ичинде жаңы элчиликтин уюштуруучулук иштерин жана каржылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү, өзүнүн чечимдерин аталган Жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Бул күндөрү мамлекет башчысы Араб Эмираттарында расмий иш сапар менен жүрөт. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү аталган иш сапар 7-декабрга чейин уланаарын билдирди.

Тэги: Алмазбек Атамбаев, Бириккен Араб Эмираттары, Абу-Даби, Жарлык, дипломатиялык өкүлчүлүк

Жаңылыктар түрмөгү
0