02:16 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Акция День гнева

Кыргызстан коррупция боюнча рейтингде өз абалын 14 упайга жогорулатты

© Sputnik / Григорий Сысоев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
17 0 0

КР коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча быйыл 175 орундун ичинен 136-орунду ээлеп, былтыркыга салыштырмалуу алдыга жылуу байкалган.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Кыргызстан 2014-жылы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 175 орундун ичинен 136-орунду ээледи деп билдирет коррупцияга каршы күрөшүү жана дүйнө боюнча анын деңгээлин изилдөө боюнча Transparency International эл аралык бейөкмөт уюму. 

"Кыргызстан 14 упай топтоп, 175 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээледи. Өткөн жылы ал 24 упай топтоп, 150-орунду ээлеген болчу, бул өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүдө айрым жылыштар бар экендигин көрсөтөт", — деп белгиленет изилдөөдө.

Анын маалыматы боюнча, биринчи орун Данияга тийди, ал эми экинчи орун Жаңы Зеландияга ыйгарылып, үчүнчү орунду болсо Финляндия ээледи.

"Коррупцияны кабыл алуу индексине ылайык, Россия 127-орунду, Казакстан 140-орунду, Тажикстан 154-орунду ээлеп турат. Ал эми 168-орунду Түркмөнстан менен Өзбекстан бөлүп алышты. Кытай 80-орунга, АКШ 19-орунга татыктуу болду", — делет изилдөөдө.

Коррупция жагынан эң начар абалда деп Афганистан, Түндүк Корея жана Сомали таанылды.

Белгиленгендей, бул жыл сайын жарыяланып туруучу, 13 изилдөөнүн натыйжаларына таянган жана серепчилердин баалары менен ишкерлердин пикирин камтыган индекстин 20-жолку аныкталышы.

Белгилер:
Коррупция, Transparency International, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ