12:06 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Конституционный референдум в Киргизии

КРдин тарыхында ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенип жатабыз

© Sputnik / Валерий Мельников
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
12 0 0

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңеши 2015-жылы КМШ өлкөлөрүндөгү болуучу шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө камдана баштады.

БИШКЕК, 29-ноя — Sputnik. КМШ ПАА Кеңеши 2015-жылы шериктештик өлкөлөрүндөгү мамлекеттик бийлик органдарына болуучу шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча токтом кабыл алды.

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңеши 2015-жылы КМШ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик бийликтин органдарына, анын ичинде Кыргызстанда ЖКга болуучу шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча токтом кабыл алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков жыйында шайлоолорго мониторинг жүргүзүүчү КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) атынан байкоочу топторду түзүү тажрыйбасы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. 

Кыргызстанда шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында да маалымат берди. 

"Шайлоо процессине заманбап технологияларды киргизүүгө багыт алып, калктын биометрикалык маалыматтарынын бирдиктүү базасын түзүү башталды. Бул фальсификация мүмкүндүгүн, экинчи ирет шайлоого кирүү практикасын колдонууну жана башка терс элементтердин келип чыгышын минималдаштырууга алып келет", — деди төрага.

ЖК төарагасы акыркы технологиялык жетишкендиктердин Кыргызстанда колдонула баштагандыгын айтып берди. 

"Кыргызстандын тарыхында адилет, ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенип жатабыз", — деди Жээнбеков.

Кыргызстан 2015-жылы парламенттин шайлоолорго мониторингди толук кандуу жүргүзүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттик делегацияларына бардык шарттарды түзө тургандыгын баса белгиледи.

Белгилер:
Шайлоо, ПАА, Санкт-Петербург, КМШ, Асылбек Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ