"Бүтүн Кыргызстан" менен "Бир Бол" саясий партиялары биригет

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүАрхив: во время митинга оппозиции в Бишкеке.
Архив: во время митинга оппозиции в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча саясий айдыңда салмакка жете элек "Бүтүн Кыргызстан" менен "Бир Бол" саясий партиялары алдыдагы шайлоолорго биригип аттанууга ниет кылууда.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" менен "Бир Бол" саясий партиялары бириге тургандыгын шейшембиде тараткан билдирүүсүндө маалымдады. 

Алардын айтымында, мындай кадамга өлкөнүн бүтүндүгүн, элдин биримдигин камсыз кылуу максатында барышмакчы. 

"Биз саясий жоопкерчиликти арттырууну, мамлекетти бекемдөөнү, бардык өнөктөштөр менен тең ата болууну, элибиздин экономикалык абалын жогорулатууну башкы милдетибиз деп эсептейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Саясий партиялардын саясий кеңештери пикирлеш болгон бардык күчтөр менен кызматташууга даяр экенин билдиришти. 

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Дүйшөн Сооранбаев биздин кабарчыга жакын арада өтүүчү эки саясый партиянын съездинде алардын биригүү, бирикпөө тууралуу маселе чечилээрин билдирди.

"Курамына эки саясий партиянын мүчөлөрү кирген уюштуруу комитетинин жыйынында съездге тиешелүү маселелер талкууланат. Курултайда партиялардын биригиши боюнча чечим кабыл алынат деп ишенем", — деди ал.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо жакындаган сайын партиялардын саясий максаттар менен биригүүсү активдешүүдө. Жакында "Республика" жана "Ата-Журт"  партиялары бириккен.

Жаңылыктар түрмөгү
0