Дидье Буркхальтер: шайлоо өткөрүү боюнча КРге жардам берүүгө даярбыз

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖоомарт Оторбаев менен Швейцария президенти Дидье Буркхальтер эки өлкө ортосундагы кызматташууну талкуулады.
Жоомарт Оторбаев менен Швейцария президенти Дидье Буркхальтер эки өлкө ортосундагы кызматташууну талкуулады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Бажы биримдигине кирүүсү Швейцариялык бизнес чөйрөсүнүн биздин аймакка тарткан инвестицияны көбөйтүүсү мүмкүн.

БИШКЕК, 23-ноя — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Швейцария президенти Дидье Буркхальтер эки өлкө ортосундагы кызматташууну талкуулады.

Жолугушууда Оторбаев Кыргызстан демократиялык түзүмү боюнча бай тажрыйбага ээ бул өлкө менен кызматташууга кызыкдар экендигин айтты.

"Швейцария биздин мамлекеттин экономикалык жактан маанилүү өнөктөшү. Анткен менен биз акыркы 4,5 жылдан бери өнүктүрүп келе жаткан парламенттик демократияны активдештирүү боюнча тажрыйбаны көбүрөөк алмашууна ынтызарбыз", — деди Оторбаев. 

Экономикалык кызматташуу маселесине токтолгон Оторбаев эки тараптык экономикалык алакалар келечектүү экендигин айтты.

Швейцария менен Кыргызстандын быйылкы жылдагы товар айлануусу 304,3 миллион доллардын тегерегинде болгон. Былтыр аталган өлкөдөн 12,5 миллион долларлык инвестиция тартылган. 

"Биз экономикалык ачык мамилелерди түзүп, чек араларабызды ачып, инвестициялык жагдайды жакшыртып, коррупция менен күрөштү активдештирип, эл аралык аренада беделибизди жакшыртуу жаатында иштеп жатабыз. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирип жатканын эске алып, Швейцариялык бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү Кыргызстанга алып келе турган инвестиция көлөмүн көбөйтсө болот", — деди Дидье Буркхальтер.

Дидье Буркхальтер мындан сырткары суу боюнча маселелерди чечүүдө жана жакындап келе жаткан парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0