Бишкекте Кытай менен Кыргызстан коопсуздук маселесин талкуулады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАрхив: Пекин шаары
Архив: Пекин шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкө эл аралык терроризмге, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү ниетинде.

БИШКЕК, 20-ноя — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик коопсуздук министри Гэн Хуэйчан расмий сапар менен Кыргызстанда жүрөт. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте эки өлкөнүн коопсуздук кызматынын жетекчилеринин жолугушуусунда терроризм, мыйзамсыз миграция маселелери талкууланууда.

"УККМнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев аймактык коопсуздукту камсыздоо, эл аралык терроризмге, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү талкуулангандыгын", — деп билдирди аталган кызматтын басма сөз кызматы.

Жыйынга эки тараптын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү да катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0