Спикер Жээнбековдун Жапонияга расмий иш сапары уланууда

Жазылуу
Жапон парламентчилери Кыргызстандагы парламенттик демократияны колдоо боюнча иш-аракеттерди күчтөндүрүү ниетинде.

БИШКЕК, 20-ноя — Sputnik. Жээнбеков Жапонияга расмий иш сапарынын алкагында аталган  өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Бунмэй Ибуки менен жолугушту.

Жолугушууда алар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын, анан ичинен экономика, билим берүү, маданият жаатында алакалар жөнүндө пикир алышты.

Жээнбеков парламенттик достук топтору аркылуу өз ара кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү зарылдыгын билдирди. 

"Биздеги парламенттик демократия али жаш. Биз үчүн Жапония сындуу демократиялык жол менен өнүккөн мамлекеттердин колдоосу абдан маанилүү", — деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.

Жапония Парламентинин Өкүлчүлүк жыйынынын спикери Б.Ибуки Жапон парламентчилери Өкмөт менен бирдикте Кыргызстандагы парламенттик демократияны колдоо боюнча иш-аракеттерди күчтөндүрө тургандыгын айтты. Кыргыз-жапон мамилелерин бекемдөө алкагында 2015-жылдын биринчи жарымында Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык марафонго Жапония парламентчилеринин катышуусунун маанисин белгиледи.

ЖК спикери буга чейин Жапониянын императору Акихитонун кабыл алуусунда болуп, Жапония парламентинин кеңешчилер Жыйынынын президенти Масааки Ямадзаки менен жолуккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0