05:58 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Фемида без повязки

Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кеңешине 20 мүчөнү тандады

© Фото / Rae Allen
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
26 0 0

Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында 24 талапкердин ичинен 20 адамды Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө тандап алды.

БИШКЕК, 19-ноя — Sputnik. Жогорку Кеңеш Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн тандады.

Жаз айынын аягында Жогорку Кеңештеги фракциялар өз жыйындарында Сотторду тандоо кеңешине талапкер болгондорду караган болчу.

Парламенттин шаршемби күнү болгон жыйынында сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси Токтогул Туманов 20 талапкерге добуш берүүнү же комитет төрт талапкерди карап чыкканга чейин добуш берүүнү токтото турууну сунуштады. Депутаттар биринчи сунушту кабыл алышты.

Жыйынтыгында көпчүлүк коалициядан кеңешке Асель Төлөмүшова, Таалайгүл Исакунова, Жамыйла Нурумбетова жана Шамараль Майчиев кирди. "Ата-Журт" фракциясынан Гүлжамал Жумагулова, Канымбү Карабаева, Нурлан Кенжебаев жана Максат Шамилов тандалды. "Республика" фракциясынан Динара Молдошова, Базарбай уулу Эрлан, Керезбек Есекеева жана Алмаз Калбаев кирди.

Кыргызстандын Соттор кеңешинен сегиз талапкер сунушталды. Алар: Жыргал Мурзалиева, Нургүл Сатыбалдиева, Дамирбек Назаров, Аида Мусуралиева, Качыке Эсенканов, Айниса Рыспекова, Нуркалый Асанбаев жана Нурлан Атаназаров.

Көпчүлүк коалициядан талапкер болгон Панайдин Кадыров, Жээнбек Муканбетов, Урматбек Момбеков жана Алишер Юсуповдордун талапкерлерин кийинки жума профилдик комитеттер карап чыккандан кийин гана шайланышат.

КР Конституциясынын 74-беренесине, «КР Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттик көпчүлүк коалициясы, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланат.

Белгилер:
Алишер Юсупов, Урматбек Момбеков, Жээнбек Муканбетов, Панайдин Кадыров, Нурлан Атаназаров, Нуркалый Асанбаев, Айниса Рыспекова, Качыке Эсенканов, Аида Мусуралиева, Дамирбек Назаров, Нургүл Сатыбалдиева, Жыргал Мурзалиева, Алмаз Калбаев, Керезбек Есекеева, Базарбай уулу Эрлан, Динара Молдошова, Максат Шамилов, Нурлан Кенжебаев, Канымбү Карабаева, Гүлжамал Жумагулова, Токтогул Туманов, Шамараль Майчиев, Жамыйла Нурумбетова, Таалайгүл Исакунова, Асель Төлөмүшова, сот, Жогорку Кеңеш, Сотторду тандоо кеңеши

ЭҢ МААНИЛҮҮ