10:38 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Мигранты в России

Ошто мигранттарга кеп-кеңеш бере турган борбор ачылат

© Sputnik / Илья Питалев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Бир миллионго жакын КР жараны эмгек миграциясында экени айтылат (21)
26 0 0

Сыртта жүргөн эмгек мигранттарынын 70%га жакыны аталган аймактан болгондуктан, мындай борбордун болушу зарыл.

БИШКЕК, 17-ноя — Sputnik. Шейшембиде Ош шаарында жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча иш алып баруучу түштүк аймактык Борбор ачылып, өз ишин баштайт. Бул туурасында Жаштар, миграция жана эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган борбор сырткы эмгек миграция процесстерин мыйзамдаштырып, башка өлкөлөргө иш издеп чыккандарга кеп-кеңеш берүү максатын көздөйт. 

"Сыртта жүргөн эмгек мигранттарынын 70%га жакыны аталган аймактан. Жаңы борбор министрликтин алдына миграция боюнча коюлган милдеттерди аткарууда, дегеле тармактагы маселелерди чечүүгө жардамын тийгизет деп турабыз", — дешти аталган министрликтен.

2012-жылдан бери Бишкек шаарында "Жарандарды чет жактарга ишке орноштуруу борбору" иштеп, Россия, Казакстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Түндүк Корея, Түркия сыяктуу бир топ мамлекеттердин тиешелүү органдары менен кызматташып келет. Былтыр аталган борборго чет өлкөгө чыгып иштеп келүүнү каалаган 7200 адам кайрылган.

Тема:
Бир миллионго жакын КР жараны эмгек миграциясында экени айтылат (21)
Белгилер:
Ош, Миграция, Мигранттар

ЭҢ МААНИЛҮҮ