Сирия көйгөйү боюнча түшүндүрүү иштери Нарындан башталды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Сирия
Архив: Сирия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК диний терроризм менен экстремизмге каршы бир топ иш-чараларды башка дубандарда да өткөрмөкчү.

Өспүрүм Сириядагы согушка үндөп жүргөн
БИШКЕК, 11-ноя — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы (УКМК) Жумгал, Кочкор райондорунда КР жарандарынын диний согушка катышууга чыгып кетишинин алдын алуу боюнча кереге кеңеш өткөрдү. Бул туурасында аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын алуучу бул иш-чарада Жакынкы Чыгыш, тактап айтканда Сириядагы аскердик абал туурасында кереге кеңешке чакырылгандарга кеңири маалымат берилди. Андан сырткары Нарын облусундагы диний экстремизмдин очоктору туурасында олуттуу сөз болду. 

Жыйында райондук администрация жетекчилери, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү, социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү, муфтияттын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектептердин жетекчилери катышты. 

Иш-чаранын максаты — жаштардын чет өлкөлөрдөгү диний-экстремисттик уюмдарга берилип кетүүсүнө жол бербөө болду.

УКМК диний терроризм менен экстремизмге каршы бир топ иш-чараларды башка дубандарда да өткөрмөкчү. 

Жаштардын чет өлкөлөргө диний согушка кетип жатышы, өлкөдө радикалдашкан диний уюмдардын улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жаткандыгы жакында эле өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0