Жоомарт Оторбаев Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: Жоомарт Оторбаев
Архив: Жоомарт Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оторбаев менен Медведев эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташууну жакшыртуу керектигин белгилешти.

БИШКЕК, 10-ноя — Спутник Кыргызстан. 7-ноябрда Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда өкмөт башчылар негизги көңүлду энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурушкан. Ошондой эле, эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилешкен.


Жаңылыктар түрмөгү
0