Россиялыктар 2015-жылдан тарта чет элдик паспортсуз ажыга бара албайт

Мекке
Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки жылы ажыга барууну каалагандар электрондук чиби бар жаңы үлгүдөгү паспорт албаса, Сауд Арабиясына кире алышпайт.

БИШКЕК, 8-ноя — РИА Новости. Келерки жылы ажыга барууну каалагандар электрондук чиби бар жаңы үлгүдөгү паспорт албаса, Сауд Арабиясына бара алышпайт деп билдирди РФтин Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары, ажылык иштери боюнча ыйгарымдуу кызматкери Ильяс Умаханов. Бул туурасында маалыматты РИА Новости таратты

"Келерки жылы эски үлгүдөгү паспорттор кабыл алынбайт. Эгер бул Сауд Арабиясы тараптын алдын ала койгон талабы экендигин айтсак, биз, кыязы, бул биринчи кезекте биздин кызыкчылыгыбыз үчүн экендигин эске алышыбыз керек", — деди Умаханов ажылык-2014 жыйынтыгы боюнча РФнын Федерация кеңешинин жыйынында.

Ажылык, б.а. Меккеге барып зыярат кылуу — кудайга сыйынуунун өзгөчө ырымы, исламдын эң башкы беш негиздеринин бири. Ажылыкка өмүрүндө бир жолу баруу ар бир мусулмандын ыйык милдети болуп эсептелет.

2014-жылы Сауд Арабиясына ажылыкка 16,4 миңге жакын россиялыктар барышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0