18:45 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Алмазбек Атамбаев принял помощника Генсекв ООН Айше Джихан Султаноглу

Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысын кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев.
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
20 0 0

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУӨП ортосундагы кызматташтык маселелери, анын ичинде Өлкөлүк программалык документтин алкагында мындан ары өз ара аракеттенүү боюнча пландар талкууланды.

БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Шаршемби күнү президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору, Европа өлкөлөрү жана КМШ боюнча регионалдык бюронун директору Айше Жихан Султаноглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Алмазбек Атамбаев жана Айше Джихан Султаноглу ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын шайлоо процессин өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоо маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен БУУнун агенттиктери ортосундагы мындан аркы кызматташтыгы өлкөнү жана регионду өнүктүрүү кызыкчылыктарына жооп берээрине ишенимин билдирди.

Белгилер:
Айше Джихан, БУУ, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ