18:45 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Визит председателя Госдумы РФ С.Нарышкина в Киргизию

ЖК депутаттары Москвада Парламенттик ассамблеянын жыйынына катышат

© Sputnik / Сергей Пятаков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
17 0 0

Төрага Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы 6-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) кезектеги жыйынына катышат. Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

БИШКЕК, 5 ноя — Спутник Кыргызстан. Иш сапар алкагында төрага Жээнбеков РФтин Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушат. Ошондой эле ЖККУ ПАга мүчө-мамлекеттердин дагы башка парламенттик делегация башчылары менен да жолугуу пландалган.

Андан сырткары Жогорку Кеңештин делегациясы Москва шаарында жашаган кыргыз диаспорасы, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин дипломатиялык курамы менен жолугушат.

Делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Туратбек Мадылбеков, Дамира Ниязалиева бар.

Белгилер:
Дамира Ниязалиева, Туратбек Мадылбеков, Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңеш, Сергей Нарышкин, ЖККУ, Асылбек Жээнбеков, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ