07:57 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Военный конфликт в Сирии

Сирия синдрому кыргыз коомчулугун да түйшөлтүүдө

© Sputnik / Андрей Стенин
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Коргоо кеңеши: диний жагдай катуу көзөмөлгө алынат (11)
28 0 0

Атамбаев диний жагдай боюнча жасаган өзгөчө кайрылуусунун себебин айтты.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында Атамбаев диний фанатизмди айыптап, анын чыныгы исламга эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

"Радикалдуу исламдаштыруунун чыныгы исламга эч тиешеси жок. Радикалдар жалпы мусулман дүйнөсүнө чоң тобокелчиликти алып келет. Бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлордон улам кыргыздарга өзгөчө коркунуч туудурууда. Ошондуктан, мен бул маселе боюнча өзгөчө кайрылуу жасайын деп чечтим", – деген Алмазбек Атамбаев.

Диний радикализм учурда кыргыз коому эле эмес, дүйнөнүн баш оорусуна айланып турган чак. Ал эми кыргыз жарандарынын катыштыгы бардыгы улам такталып жаткан Сирия көйгөйү негизги маселелерден болууда. 

Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Равшан ажы Эратов Бишкек, Ош шаарларында атайын жаштар үчүн семинарлар уюштурулуп, андан сырткары кыз-келиндер арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

"Диний радикализмдин алдын-алууга кайдыгер карабай, ар бир жаран салым кошуусу керек. Ааламдашуу жүрүп аткан учурда Сирия, Ливанда болуп аткандай чыр-чатак чыгып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жаштардын Сирия өңдүү мамлекеттерге согушкер катары кетип жатканы маалым. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын-алуу боюнча муфтият жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул багытта 9 казыят иштеп жатат", – деди Эратов.

Тема:
Коргоо кеңеши: диний жагдай катуу көзөмөлгө алынат (11)
Белгилер:
Равшан ажы Эратов, Коргоо кеңеши, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ