16:32 23 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Фрунзеге курулушу мүмкүн болгон имараттардын чиймелери

Кыскача шилтеме алуу
207220
  • Эски аянттагы министрлер үйү ушундай көрүнмөк
  • Парк жана имараттарды курчаган темир тосмолор улуттук колоритте кооздолмок
  • Бизде да Сочидегидей же Россиянын башка ири шаарларындай Михаил Фрунзе атындагы парк болмок
  • Кыргыз улуттук опера жана балет театры бир аз чоңураак болмок
  • Жеңиш аянтында боз үйдүн түндүгү турган монументтин ордуна, совет солдатынын эстелиги турмак
  • Курулбаган маданият үйүндө ушундай ардак тактасы илинмек
  • Негизги көрүнүктүү жер болуп жанында фонтаны бар республикалык жаныбарлардын көргөзмөсү болмок
  • Бардык жер анын ичинде аллеялар фонтандар менен кооздолмок. Сүрөттө: аллея үчүн фонтан
  • Борбордук көчөдөгү турак үйлөрдүн фасады башкача көрүнмөк
  • Педогогикалык училище
  • Шаардыктар мындай пионерлер үйүн жактырмак
  • Эмен багы паркын колонналар жана темир тосмолор кооздомок
  • Панфилов паркы эстеликтин жанында эмес, айланасында жайгашмак
  • Ал тургай шаардык төрөткана мамыча, темир тосмолор менен шөкөттөлмөк
  • Эгерде бул Улуттук маданият музейи курулганда ал шаардык архитектуранын сыймыгы болмок
© Фото / Центральный Госархив КР
Эски аянттагы министрлер үйү ушундай көрүнмөк

Улуттук колорит менен кооздолгон шаардык архитектура, Пушкин жашаган учурдагыдай темир тосмолор жана миңдеген мамычалары бар чоң имараттар. Кыргызстандын борбору кандай болмок эле же архитекторлордун чиймелерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотолентасынан көрүңүз.

Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин Фрунзе шаарын куруу боюнча алгачкы башкы план түзүлө баштаган. 1937-жылдын декабрь айында болочоктогу борбор калаанын топографиялык съемкасы болгон. Эки жылдан кийин архитекторлор Н. Смирнов жана Г. Бабад 180 миң адамга ылайыкталган борбор калаанын баш планын көрсөтүшөт.

Ушул планга ылайык, Фрунзе кенен проспектилери менен кооз имараттары бар шаарга айланышы керек болчу.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фотодокументтерди сактаган мамлекеттик архивге барып, сталиндик убакта архитекторлор чийип кеткен, бирок иш жүзүнө ашпай калган айрым долбоорлордун чиймелерин тизмектеди.

Тема боюнча

Бактылуу окуучулук күндөр… Белгилүү адамдардын мектеп жылдарындагы сүрөттөрү
Фрунзедеги жаз же ошол кездеги жашыл шаарга саякат. Архивдик сүрөттөр
Белгилер:
архив, архитектура, Бишкек, Фрунзе

ЭҢ МААНИЛҮҮ