Жок болуп бараткан Миң-Куш. Уран калдыгы менен коңшулаш айыл

Жазылуу
Миң-Куштун жашоочулары кыштактын жок болуп баратканын айтышат. Убагында 18 миң адам жашаган жерде азыр 3,5 миң адам калган.

Деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Миң-Куш кыштагы алгач 18 миң адамга ылайыкталган. 

Советтер Союзу учурунда мында уран кени болгон. Бирок СССР таркагандан кийин завод жабылып, жумушсуздук өкүм сүргөндүктөн көпчүлүк тургундар кыштактан көчүп кетишкен. Эми төрт радиоактивдүү калдыкка коңшулаш болуу элди тынчсыздантып келет.

Заброшенный город-призрак Иныльчек в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Ээн калган Эңилчектеги тиричилик сүрөттө
Миң-Куштагы элдин негизги бөлүгүн карылар, аялдар жана балдар түзөт. Эркектер менен жаштардын көпчүлүгү Бишкекке же Россияга кетип калышкан. Бири иштегени жөнөсө, экинчиси окууга кеткен. 

Өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган имараттар жарактан чыккан. Жарандар эскирген үйлөрдүн кирпичтерин ташып кетип жатып, айрым үйлөр бомба түшкөндөй аңырайып калган. 

Көпчүлүк имараттар авариялык абалда болгондуктан сыртына кулпу салынган. Себеби, балдар ойногону кирип кетсе, алардын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал. 

Миңкуштуктар кыштак жоголуп бара жатканын айтышат. Бирок ошентсе да кичи мекенинен көчүп кетүүнү каалашпайт. Алардын айтымында, мындай климатты башка жерден табуу мүмкүн эмес. Жайкысын салкын, кышында жылуу. Жаратылышы дагы абдан кооз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБул жердин балдары убактысын компьютер алдына отуруп текке кетирбейт
Бул жердин балдары убактысын компьютер алдына отуруп текке кетирбейт - Sputnik Кыргызстан
1/13
Бул жердин балдары убактысын компьютер алдына отуруп текке кетирбейт
© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар көчөдө коркпой эле жүрө беришет
Балдар көчөдө коркпой эле жүрө беришет - Sputnik Кыргызстан
2/13
Балдар көчөдө коркпой эле жүрө беришет
© Sputnik / Табылды КадырбековСебеби бардыгы бири-бирин жакшы тааныйт
Себеби бардыгы бири-бирин жакшы тааныйт - Sputnik Кыргызстан
3/13
Себеби бардыгы бири-бирин жакшы тааныйт
© Sputnik / Табылды КадырбековКонокторго меймандостук менен мамиле жасашат. Себеби бул жакка көп деле киши келбейт
Конокторго меймандостук менен мамиле жасашат. Себеби бул жакка көп деле киши келбейт - Sputnik Кыргызстан
4/13
Конокторго меймандостук менен мамиле жасашат. Себеби бул жакка көп деле киши келбейт
© Sputnik / Табылды КадырбековКыштак үргүлөп жаткандай дайым жымжырттык өкүм сүрөт
Кыштак үргүлөп жаткандай дайым жымжырттык өкүм сүрөт - Sputnik Кыргызстан
5/13
Кыштак үргүлөп жаткандай дайым жымжырттык өкүм сүрөт
© Sputnik / Табылды КадырбековӨткөн кылымдын 50-жылдарында салынган курулуштар дагы деле кармалып турат
Өткөн кылымдын 50-жылдарында салынган курулуштар дагы деле кармалып турат - Sputnik Кыргызстан
6/13
Өткөн кылымдын 50-жылдарында салынган курулуштар дагы деле кармалып турат
© Sputnik / Табылды КадырбековМиң-Куштун негизги калкын кары-картаңдар, аялдар жана балдар түзөт
Миң-Куштун негизги калкын кары-картаңдар, аялдар жана балдар түзөт - Sputnik Кыргызстан
7/13
Миң-Куштун негизги калкын кары-картаңдар, аялдар жана балдар түзөт
© Sputnik / Табылды КадырбековАймактагы айрым үйлөргө бомба түшкөндөй аңырайып турат
Аймактагы айрым үйлөргө бомба түшкөндөй аңырайып турат - Sputnik Кыргызстан
8/13
Аймактагы айрым үйлөргө бомба түшкөндөй аңырайып турат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков18 миң калкы болгон аймакта азыр 3,5 миң гана эл калды
18 миң калкы болгон аймакта азыр 3,5 миң гана эл калды - Sputnik Кыргызстан
9/13
18 миң калкы болгон аймакта азыр 3,5 миң гана эл калды
© Sputnik / Табылды КадырбековЭркектер менен жаштар жумуш издеп же окууга кетип калышкан
Эркектер менен жаштар жумуш издеп же окууга кетип калышкан - Sputnik Кыргызстан
10/13
Эркектер менен жаштар жумуш издеп же окууга кетип калышкан
© Sputnik / Табылды КадырбековЖергиликтүү жашоочулар кыштактагы климатты башка жактан табуу мүмкүн эмес экенин айтышат
Жергиликтүү жашоочулар кыштактагы климатты башка жактан табуу мүмкүн эмес экенин айтышат - Sputnik Кыргызстан
11/13
Жергиликтүү жашоочулар кыштактагы климатты башка жактан табуу мүмкүн эмес экенин айтышат
© Sputnik / Табылды КадырбековНарын облусундагы Жумгал районунда деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан
Нарын облусундагы Жумгал районунда деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан - Sputnik Кыргызстан
12/13
Нарын облусундагы Жумгал районунда деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан
© Sputnik / Табылды КадырбековМиң-Куштагы негизги көйгөй жумушсуздук болуп эсептелет
Миң-Куштагы негизги көйгөй жумушсуздук болуп эсептелет - Sputnik Кыргызстан
13/13
Миң-Куштагы негизги көйгөй жумушсуздук болуп эсептелет
Жаңылыктар түрмөгү
0