Скульптор, сүрөтчү Кыргыз Эл баатыры Тургунбай Садыков бүгүн 80 жашка чыкты

Жазылуу
Кыргыз скульптура өнөрүндө өзүнүн чыйырын салган жана учурда бүтүндөй бир муундун устаты Тургунбай Садыков учурда Улуттук көркөм өнөр академиясын жетектеп келет.

Кыргызстан, анын ичинен өзгөчө Бишкек шаарындагы айкелдер, скульптуралардын бир тобу, бүтүн бир ансамблдер Садыковдун колунан чыккан. 

Геннадий Базаровдун Көздүн кареги тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон.  Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
"Төкөлдөштүн төрт кызынын" бири, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөттө калган элеси
Ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы "Манас" баатырдын скульптуралык ансамблинин, кыргыздын чыгаан кызы Уркуя Салиевага арналып Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган "Революциянын каармандарына" деп аталган монументтин автору. Садыков ошондой эле бир нече жыл "Ала-Тоо" аянтында туруп, кийин алынып салынган "Эркиндик" статуясын, "Эл куту" монументалдык эстелигин жана бир катар эмгектерди жасаган. 

Ал биринчи эмгектеринен тарта эле элдин турумушун чыгармаларында колдонуп, өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар сүрөткер катары көрсөткөн. "Койчу", "Эне", "Саанчынын сүрөтү", "Жылкычы", "Дирижер" эмгектери буга далил. 

Андан сырткары орто кылымдагы ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин скульптуралык портреттерин түзгөн. 

Анын чыгармачылыгында илим-билимдин дыйканы болгон замандаштарынын порттреттери өзүнчө орунда. Алар дарыгерлер — Мирсаид Мирахимов, Мамбет Мамакеев, интеллигенция өкүлдөрү — Чыңгыз Айтматов, Гапар Айтиев, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Саякбай Каралаев жана бир топ инсандар.

Президент Алмазбек Атамбаев айкелчини 80 жылдыгы менен куттуктап, "анын эмгектери, айкелдери, монументтери жана комплекстери өлкөбүздүн көп жерлерин көрккө чыгарып, Кыргызстан тарыхынын урунттуу учурларын көз алдыбызга тартып турарын" айтты.

Скульптор Тургунбай Садыков өнөр менен бирге агартуучулук иштерге дагы аралашып, Бишкектеги улуттук көркөм өнөр академиясын калыптандырып, таланттуу балдардын жатак-мектебин негиздеген. 

Анын көркөм искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы ар дайым татыктуу бааланып келди. 

Ордолуу Ош, туулган күнүң менен! Тарыхый сүрөттөр сүйлөйт
1968-жылдан тарта Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын төрагасы жана СССР сүрөтчүлөр союзунун башкармасынын катчысы. 1971–80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. 

Тургунбай Садыков — Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры. СССР эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги. СССРдин Ленин сыйлыгы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кыргызстандагы Улуттук көркөм өнөр академиясы анын ысымын алып жүрөт. 

Тургунбай Садыков Баткен районундагы Говсувар деген аймакта 1935-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Фрунзе шаарындагы Кыргыз көркөм өнөр училищесинде, андан соң, 1962-64-жылдары Москва шаарындагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайынын алдындагы эки жылдык жогорку курсунда билим алат. 

Садыковдун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына коюлган.

© Фото / Александр ФедоровТургунбай Садыковдун "Эркиндик" статуясынын жасап иштеп жаткан учуру. 1999-жыл
Тургунбай Садыковдун  Эркиндик  статуясынын  жасап иштеп жаткан учуру. 1999-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/17
Тургунбай Садыковдун "Эркиндик" статуясынын жасап иштеп жаткан учуру. 1999-жыл
© Александр ФедоровКелечектин скульптору, баатыры, чебери, депутаты. Гүлгүндөй жаш кез, 29 жаш
Келечектин скульптору, баатыры, чебери, депутаты. Гүлгүндөй жаш кез, 29 жаш - Sputnik Кыргызстан
2/17
Келечектин скульптору, баатыры, чебери, депутаты. Гүлгүндөй жаш кез, 29 жаш
© Александр ФедоровСүрөтчүлөр союзуна 40 жыл. Маарекелик сүрөт. Сол тараптан биринчи турган атактуу сүрөтчү Гапар Айтиев. Ортодо – Садыков
Сүрөтчүлөр союзуна 40 жыл. Маарекелик сүрөт. Сол тараптан биринчи турган атактуу сүрөтчү Гапар Айтиев. Ортодо – Садыков - Sputnik Кыргызстан
3/17
Сүрөтчүлөр союзуна 40 жыл. Маарекелик сүрөт. Сол тараптан биринчи турган атактуу сүрөтчү Гапар Айтиев. Ортодо – Садыков
© Александр Федоров"Эне" деп аталган скульптуралык иши
Эне деп аталган скульптуралык иши - Sputnik Кыргызстан
4/17
"Эне" деп аталган скульптуралык иши
© Александр ФедоровОшол кездеги жаштардын кумирине айланган, пионер Кычан Жакыповдун эстелигин жасап жаткан учуру. Садыковдун жанында "Кычан" повестинин автору, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев турат
Ошол кездеги жаштардын кумирине айланган, пионер Кычан Жакыповдун эстелигин жасап жаткан учуру. Садыковдун жанында Кычан повестинин автору, жазуучу  Шүкүрбек Бейшеналиев турат - Sputnik Кыргызстан
5/17
Ошол кездеги жаштардын кумирине айланган, пионер Кычан Жакыповдун эстелигин жасап жаткан учуру. Садыковдун жанында "Кычан" повестинин автору, жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев турат
© Александр ФедоровТургунбай Садыков чеберканасында. 1970-жылдар
Тургунбай Садыков чеберканасында . 1970-жылдар - Sputnik Кыргызстан
6/17
Тургунбай Садыков чеберканасында. 1970-жылдар
© Sputnik / Александр Федоров"Эмгек Кызыл Туу" орденин алган учурдан элестер. Садыковдун оң тарабында легендарлуу кардиолог Иса Ахунбаев, ал эми сол жагында маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов
Эмгек Кызыл Туу орденин алган учурдан элестер. Садыковдун оң тарабында легендарлуу кардиолог Иса Ахунбаев, ал эми сол жагында маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов - Sputnik Кыргызстан
7/17
"Эмгек Кызыл Туу" орденин алган учурдан элестер. Садыковдун оң тарабында легендарлуу кардиолог Иса Ахунбаев, ал эми сол жагында маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов
© Александр ФедоровСкульптордун алгачкы эмгектеринин бири – "Чабан". Учурда бул эмгек Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде турат
Скульптордун алгачкы эмгектеринин бири – Чабан. Учурда бул эмгек Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде турат - Sputnik Кыргызстан
8/17
Скульптордун алгачкы эмгектеринин бири – "Чабан". Учурда бул эмгек Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде турат
© Sputnik / Александр ФедоровУлуу акын Токтогул Сатылганов менен музыка изилдөөчү, кыргыздын элдик ыр-күүлөрүн алгачкылардан болуп кагазга түшүргөн этнограф, композитор Александр Затаевич. Скульптура
Улуу акын Токтогул Сатылганов менен музыка изилдөөчү, кыргыздын  элдик ыр-күүлөрүн алгачкылардан болуп кагазга түшүргөн, этнограф, композитор Александр Затаевич. Скульптура - Sputnik Кыргызстан
9/17
Улуу акын Токтогул Сатылганов менен музыка изилдөөчү, кыргыздын элдик ыр-күүлөрүн алгачкылардан болуп кагазга түшүргөн этнограф, композитор Александр Затаевич. Скульптура
© Александр ФедоровУркуя Салиевага арналган Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган "Революциянын каармандарына" монументи
Уркуя Салиевага арналган Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган Революциянын каармандарына монументи - Sputnik Кыргызстан
10/17
Уркуя Салиевага арналган Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган "Революциянын каармандарына" монументи
© Александр Федоров"Манас" эпосунун 1000 жылдык маарекесинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, коомдук ишкер Мукар Чолпонбаев менен. Бишкек шаары
Манас эпосунун 1000 жылдык маарекесинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, коомдук ишкер Мукар Чолпонбаев менен. Бишкек шаары - Sputnik Кыргызстан
11/17
"Манас" эпосунун 1000 жылдык маарекесинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, коомдук ишкер Мукар Чолпонбаев менен. Бишкек шаары
© Фото / Александр ФедоровКыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелиги. Бишкек шаары
Кыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелиги. Бишкек шаары - Sputnik Кыргызстан
12/17
Кыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелиги. Бишкек шаары
© Александр ФедоровТургунбай Садыковдун 60 жылдык мааркесинде. Экс-президент Аскар Акаев баш болгон кыргыз аткаминерлери куттуктап жаткан учур. 1995-жыл
Тургунбай Садыковдун 60 жылдык мааркесинде. Экс-президент Аскар Акаев баш болгон кыргыз аткаминерлери куттуктап жаткан учур. 1995-жыл - Sputnik Кыргызстан
13/17
Тургунбай Садыковдун 60 жылдык мааркесинде. Экс-президент Аскар Акаев баш болгон кыргыз аткаминерлери куттуктап жаткан учур. 1995-жыл
© Александр Федоров"Эркиндик" статуясы жасалып жаткан учурда. Бул эмгек 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтына орнотулуп, сегиз жылдан кийин алынып салынган
Эркиндик  статуясы жасалып жаткан учурда. Бул эмгек 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата  Ала-Тоо аянтына орнотулуп,  сегиз жылдан кийин алынып салынган - Sputnik Кыргызстан
14/17
"Эркиндик" статуясы жасалып жаткан учурда. Бул эмгек 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтына орнотулуп, сегиз жылдан кийин алынып салынган
© Александр ФедоровСадыков художниктер Молдохматов, Каменский жана Идирисов менен. 2013-жыл
Садыков художниктер Молдохматов, Каменский жана Идирисов менен. 2013-жыл - Sputnik Кыргызстан
15/17
Садыков художниктер Молдохматов, Каменский жана Идирисов менен. 2013-жыл
© Александр ФедоровСатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы "Манас" – баатырдын скульптуралык ансамбли. Бишкек шаары
Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы   Манас  – баатырдын скульптуралык ансамбли. Бишкек шаары - Sputnik Кыргызстан
16/17
Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы "Манас" – баатырдын скульптуралык ансамбли. Бишкек шаары
© Александр ФедоровТургунбай Садыковдун ысымы Бишкек шаарындагы Улуттук көркөм өнөр академиясына берилген. Сүрөткер аталган окуу жайды калыптандырып, ага караштуу таланттуу балдардын жатак-мектебин негиздеген
Тургунбай Садыковдун ысымы Бишкек шаарындагы Улуттук көркөм өнөр академиясына берилген. Сүрөткер аталган окуу жайды калыптандырып, ага караштуу таланттуу балдардын жатак-мектебин негиздеген - Sputnik Кыргызстан
17/17
Тургунбай Садыковдун ысымы Бишкек шаарындагы Улуттук көркөм өнөр академиясына берилген. Сүрөткер аталган окуу жайды калыптандырып, ага караштуу таланттуу балдардын жатак-мектебин негиздеген
Жаңылыктар түрмөгү
0