Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен

Жазылуу
Малайзиялык Захариз Хузайма жер жүзүнүн булуң-бурчун кыдырып, National Geographic үчүн макалаларды жазып жана дүйнөнүн алдыңкы телекомпаниялары үчүн даректүү тасмаларды тартат.

Кыргызстандыктар үчүн кадимки көрүнүш болгон нерселерди чет элдиктердин көзү менен көрүңүз.

Малайзиялыктын айтымында, Кыргызстан — экзотикалык өлкө.

"Малайзиялыктар деңиз жээктеринде жашайт, а бул жерде болсо көз жоосун алган ушундай ажайып кооз жаратылыш, тоолуу катаал шарттар, климаттын кескиндиги, эң башкысы, байыртан сакталып калган үрп-адат жана заманбап көз караштарга чырмалышкан бөтөнчө бир салттар бар экен. Мына ушунун баары чыныгы экзотика", — дейт Хузайма. 

Саякатчы өзүнүн кыргыз жеринде баскан жолу, көргөн-билгени жөнүндө даректүү тасма тарткан. Малайзия менен Сингапурдун улуттук каналдарынан көрсөтүлө турган он бир серия Кыргызстандын тоолору, ат минүү, кыргыз элинин каада-салты, улуттук оюндары жана маданияты жөнүндө айтып берет.

© Zahariz KhuzaimahБир жыл бою ат менен саякаттаган малайзиялык жаныбарларга аяр мамиле кылып калды
Бир жыл бою ат менен саякаттаган малайзиялык жаныбарларга аяр мамиле кылып калды - Sputnik Кыргызстан
1/10
Бир жыл бою ат менен саякаттаган малайзиялык жаныбарларга аяр мамиле кылып калды
© предоставлено Zahariz KhuzaimahСаякатчы баарын кадимки эле Canon 5D фотоаппаратына жана Black Magic камерасына тартат
Саякатчы баарын кадимки эле Canon 5D фотоаппаратына жана Black Magic камерасына тартат - Sputnik Кыргызстан
2/10
Саякатчы баарын кадимки эле Canon 5D фотоаппаратына жана Black Magic камерасына тартат
© Фото / Zahariz KhuzaimahКыргызстандын табияты демге-дем бере турган ушунчалык ажайып экенин Хузайма кайра-кайра айткандан чарчабайт
Кыргызстандын табияты демге-дем бере турган ушунчалык ажайып экенин Хузайма кайра-кайра айткандан чарчабайт - Sputnik Кыргызстан
3/10
Кыргызстандын табияты демге-дем бере турган ушунчалык ажайып экенин Хузайма кайра-кайра айткандан чарчабайт
© Zahariz KhuzaimahМалайзиялыктар деңиз жээгинде жашай турганын, ал жакта мындай көркөм тоолор менен көлдөр жоктугун саякатчы белгилейт
Малайзиялыктар деңиз жээгинде жашай турганын, ал жакта мындай көркөм тоолор менен көлдөр жоктугун саякатчы белгилейт - Sputnik Кыргызстан
4/10
Малайзиялыктар деңиз жээгинде жашай турганын, ал жакта мындай көркөм тоолор менен көлдөр жоктугун саякатчы белгилейт
© Zahariz KhuzaimahСоң-Көл малайзиялыкты өзүнүн тунуктугу менен суктандырды
Соң-Көл малайзиялыкты өзүнүн тунуктугу менен суктандырды - Sputnik Кыргызстан
5/10
Соң-Көл малайзиялыкты өзүнүн тунуктугу менен суктандырды
© Zahariz KhuzaimahМүнүшкөрлүк өнөрүнө Хузайма өз тасмасынын бүтүн бир сериясын арнаган
Мүнүшкөрлүк  өнөрүнө Хузайма өз тасмасынын бүтүн бир сериясын арнаган - Sputnik Кыргызстан
6/10
Мүнүшкөрлүк өнөрүнө Хузайма өз тасмасынын бүтүн бир сериясын арнаган
© Zahariz KhuzaimahКайталангыс кадрларга жетиш үчүн бүркүткө кичинекей камера тагып коюшкан
Кайталангыс кадрларга жетиш үчүн бүркүткө кичинекей камера тагып коюшкан - Sputnik Кыргызстан
7/10
Кайталангыс кадрларга жетиш үчүн бүркүткө кичинекей камера тагып коюшкан
© Zahariz KhuzaimahКыргыз улуттук оюндары саякатчыга абдан жакты. Көк бөрүдөгү улак тартыш
Кыргыз улуттук оюндары саякатчыга абдан жакты. Көк бөрүдөгү улак тартыш - Sputnik Кыргызстан
8/10
Кыргыз улуттук оюндары саякатчыга абдан жакты. Көк бөрүдөгү улак тартыш
© Zahariz KhuzaimahАла-Тоодогу күндүн батышы
Ала-Тоодогу күндүн батышы - Sputnik Кыргызстан
9/10
Ала-Тоодогу күндүн батышы
© Zahariz KhuzaimahБаарын өз көзү менен көргөн малайзиялык жигит кыргыз маданиятынын жана көчмөн турмуштун терең философиясын берүүгө аракет кылган. Түнкү тоонун көрүнүш.
Баарын өз көзү менен көргөн малайзиялык жигит кыргыз маданиятынын жана көчмөн турмуштун терең философиясын берүүгө аракет кылган. Түнкү тоонун көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
10/10
Баарын өз көзү менен көргөн малайзиялык жигит кыргыз маданиятынын жана көчмөн турмуштун терең философиясын берүүгө аракет кылган. Түнкү тоонун көрүнүш.
Жаңылыктар түрмөгү
0