12:05 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Сүрөт

Ала-Арча дарыясы нугунан чыгып, жолдорду каптады

Кыскача шилтеме алуу
51 0 0
  • На реке Ала-Арча образовалась шуга объемом 12 тысяч кубометров льда.
  • Сотрудники МЧС расчищают реку от шуги.
  • Рабочие раскалывают лед вручную, чтобы вода как можно скорее вернулась в русло.
  • Для расчистки реки была задействована тяжелая техника.
  • Из-за ледяной шуги был деформирован пешеходный мост.
  • МЧС пообещало взять под особый контроль реку для избежания подобных чрезвычайных ситуаций.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ала-Арча дарыясы өз нугунан чыгып, жээктеги бир нече үйлөрдү каптады.

Учурда тоңгон муздарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен башка кызматтар атайын техниканын жардамы менен тазалоодо.

Аба ырайынын кескин түрдө жылышынан улам кар тез эрип, Ала-Арча дарыясындагы муз көтөрүлүп, жолду суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы менен окуяга күбө болгондор билдирди.

ӨКМ билдиргендей, жалпы көлөмү 12 миң кубометр болгон муздан улам Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан "Илим" жеке менчик мектебинин аймагын суу каптаган.

"Борбор калаанын Октябрь районундагы №4а жана №12 үйлөрүнүн ортосундагы көпүрөнү көтөрүлгөн муз жарым жартылай бузган", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын 7 кызматкери жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коргоо жана коштоо департаментинин жеке курамы көтөрүлгөн музду тазалап, сууну өз нугуна салды. Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынын нөөмөт тобу токтоп турган эки машинаны да куткарышты.

Нугунан чыккан дарыя Рыскулов көчөсүндөгү №538 үйдү да каптаган. Куткаруу кызматынын нөөмөт тобу жашоочулардын буюмдарын коопсуз жайга көчүрүүгө жардам беришкен.

ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Болот Аманбаев Ала-Арча дарыясындагы окуяны өз көзөмөлүнө алат жана мындай кырсыкты болтурбоо үчүн чараларды көрөт.

Белгилер:
Болот Аманбаев, Ала-Арчы дарыясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ