Бишкек жылуулук электр борбору кантип иштейт?

Жазылуу
Өткөн кылымдын 60-жылдарында Фрунзе шаарында (Бишкек шаарынын эски аталышы) курулуш өтө жанданган. Көп кабаттуу үйлөр, мектептер жана башка мекемелер ысык сууга жана жылытууга муктаж болгон. Өкмөттүн алдында жылуулук куурларын куруу милдети курч турган.

1961-жылы көп кабаттуу үйлөрдү жылытуу үчүн Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) расмий түрдө ишке кирип, ал бүгүнкү күнгө чейин шаардагы үйлөргө жылуулук берип келет. Учурда казан мештерди жана башка жабдыктарды тейлеп 1,5 миң киши эмгектенет. Бир сменада 14 кишиден турган бир нече бригада иштейт.

Жылуулук электр борборунун тейлөө кызматкерлеринин бири бул жакта иштөө кооптуу экенин, себеби, температура миң градуска чейин ысып, ысык суу куурлары жарылып кетиши ыктымалдыгын айтат. Бирок, ошол эле учурда жумуш кызыктуу.

Мекеменин эмгек жамаатында 20 жылдан көп иштеген жумушчулар бар. Жаштар бул жакка келип иштөөнү жактыра беришпейт. Мекеменин башкы инженери Нурбек Базаркулов белгилегендей, кийинки жылы кытайдын ТВЕА компаниясы оңдоо иштерин жүргүзөт. Жабдыктарды жаңылоого 386 миллион доллар сарпталып, оңдоо иштери 2017-жылы аяктайт деп пландалууда.

"Быйылкы кышта ЖЭБ 300 мегаваттка чейинки кубатта иштейт. Январда бул көрсөткүч 315 мегаваттка чейин жогорулайт. Бирок, өкмөт тараптан 360 мегаватт кубатка туруштук берүү боюнча тапшырма болгон", — дейт башкы инженер.

Бир суткада орточо эсеп менен Бишкек жылуулук электр борбору 1 миллион 190 миң киловатт-саат энергия иштеп чыгат. Кышында ал 7-7,5 миллион киловатт-саатка чейин жетет.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек Жылуулук электр борбору күнү-түнү иштейт.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
1/14
Бишкек Жылуулук электр борбору күнү-түнү иштейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековАр бир жумуш күн ишти бөлүштүрүүдөн башталат.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
2/14
Ар бир жумуш күн ишти бөлүштүрүүдөн башталат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАр бир жумушчу өзүнө тапшырылган жумушту аткарат.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
3/14
Ар бир жумушчу өзүнө тапшырылган жумушту аткарат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖумушчулардын ою да абдан маанилүү.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
4/14
Жумушчулардын ою да абдан маанилүү.
© Sputnik / Табылды КадырбековБардык казан мештер жана жабдыктар күн сайын текшерилет.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
5/14
Бардык казан мештер жана жабдыктар күн сайын текшерилет.
© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт коопсуздугу биринчи орунда турат.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
6/14
Өрт коопсуздугу биринчи орунда турат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук башкаруу пунктунда системадагы өзгөрүүлөр толугу менен көзөмөлдөнөт.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
7/14
Борбордук башкаруу пунктунда системадагы өзгөрүүлөр толугу менен көзөмөлдөнөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековКелип түшкөн ар бир билдирүү дыкат текшерилет.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
8/14
Келип түшкөн ар бир билдирүү дыкат текшерилет.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖумушчу топ куурларды жана насосторду текшерип жатат.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
9/14
Жумушчу топ куурларды жана насосторду текшерип жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБузулган жабдыктар маалында алмаштырылып же оңдолот.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
10/14
Бузулган жабдыктар маалында алмаштырылып же оңдолот.
© Sputnik / Табылды КадырбековКазан мештеги температура миң градустан ашат.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
11/14
Казан мештеги температура миң градустан ашат.
© Sputnik / Табылды КадырбековКазан мешке көмүр автоматташтырылган система аркылуу салынат.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
12/14
Казан мешке көмүр автоматташтырылган система аркылуу салынат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБИШКЕК ЖЭБдин ичи ушундай көрүнөт.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
13/14
БИШКЕК ЖЭБдин ичи ушундай көрүнөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖумушчу смена бүттү.
ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
14/14
Жумушчу смена бүттү.
Жаңылыктар түрмөгү
0