Бишкектеги биринчи кар

Жазылуу
Ноябрь айы бишкектиктерди өз жылуулугу менен эркелетип келди эле, бирок айдын акыркы күндөрүндө кыш баары бир кирип келди.

Кышка даярдык тууралуу бир катар бийлик төбөлдөрү коомчулукка маалымат берип, даярдык шайма-шай дешкен эле. Ошентип, "табияттын жаман күнү болбойт" демекчи, биринчи кар да түштү. Шаардыктар, алардын ичинен өзгөчө, бөбөктөр кардын биринчи жаашына чын дилинен кубанышты. Бирок, социалдык түйүндөрдө калаанын тургундары менен меймандары жолдун тайгактыгы, көчөлөрдүн кардан тазаланбай жатканын жаза баштады. Ал эми мэриянын басма сөз кызматы тазалоо, кум чачуу иштери тууралуу маалымат таратты. Кечинде 16 атайын техника Бишкектин башкы көчөлөрүн тазалап, унаа жолдоруна кум, туз чача башташкан. 26-ноябрда эртең мененки саат 7.30да шаардык кызматтын мобилдүү топтору 552 тонна кум жана 42 тонна туз чачып чыгышты. Буга кум чачуучу 18 техника, 4 жүктөгүч, тротуар тазалоого 5 трактор колдонулуп, "Тазалык" ишканасынын 32 жумушчусу тартылган.

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи кар канчалык жагымдуу болгону менен жылуу үйгө жетээри жок.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/9
Биринчи кар канчалык жагымдуу болгону менен жылуу үйгө жетээри жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кечке маал күн бир топ сууктап, абанын температурасы минус жетиге чейин түштү.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/9
Бишкекте кечке маал күн бир топ сууктап, абанын температурасы минус жетиге чейин түштү.
© Sputnik / Табылды КадырбековСиноптиктердин божомолдоолору боюнча 26-ноябрда кечке жакын майда кар жаашы мүмкүн.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/9
Синоптиктердин божомолдоолору боюнча 26-ноябрда кечке жакын майда кар жаашы мүмкүн.
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте 26-ноябрда кар жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Күндүз -1...-3 болсо, түнкүсүн -6...-8 градус болот.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/9
Бишкекте 26-ноябрда кар жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Күндүз -1...-3 болсо, түнкүсүн -6...-8 градус болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековКечке жакын гана Бишкектин коммуналдык кызматтарынын атайын техникасы шаардын башкы көчөлөрүн тазалай башташты.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/9
Кечке жакын гана Бишкектин коммуналдык кызматтарынын атайын техникасы шаардын башкы көчөлөрүн тазалай башташты.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик бульварындагы бак-дарактар карга оронду.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/9
Эркиндик бульварындагы бак-дарактар карга оронду.
Шаардык кызматтын мобилдик топтору көчөлөргө 552 тонна кум жана 42 тонна туз чачышты.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/9
Шаардык кызматтын мобилдик топтору көчөлөргө 552 тонна кум жана 42 тонна туз чачышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековШаардын башкы көчөлөрүн тазалоого 18 кум чачуучу техника 4 жүктөгүч, жана "Тазалык" ишканасынын 32 жумушчусу тартылды.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/9
Шаардын башкы көчөлөрүн тазалоого 18 кум чачуучу техника 4 жүктөгүч, жана "Тазалык" ишканасынын 32 жумушчусу тартылды.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызгидрометтин алдын ала эскертүүлөрүнө карабай, шаардыктар Бишкектеги биринчи карга даяр эмес болуп чыгышты.
Первые картинки настоящей зимы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/9
Кыргызгидрометтин алдын ала эскертүүлөрүнө карабай, шаардыктар Бишкектеги биринчи карга даяр эмес болуп чыгышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0