Стрит-арт борбор калаанын көчөлөрүндө

Жазылуу
Жакында эле жергиликтүү жана четтен келген стрит-арт чеберлери (көчө сүрөтчүлөрү) өз граффитилерин шаардын ташталган, каралбай калган жерлеринде гана тартышчу. Бүгүнкү күндө сүрөттөр эми көп кабаттуу тамдардын дубалдарына көчтү. Шаардыктардын айткандарына караганда, искусствонун бул түрү аларды кайдыгер калтырган жок.

Стрит-арт (англ. street art — көчө искусствосу) — урбанисттик стилдеги көркөм сүрөт чеберчилиги. Граффити стрит-арттын бир бөлүгү болуп эсептелет. Анын келип чыгыш башаты тээ 1918-жылдар, Маяковскийдин ысымы менен байланышкан. Россиянын футуристтеринин декретинин бир пунктунда акын мындай деген:

"Көчөлөр менен аянттарда кайталангыс түстөрү кубулган сүрөттөр үйдөн үйгө өтүп, ары-бери өткөндөрдүн көз жоосун алып, кубандырып турсун. Сүрөтчүлөр боёкторун колго алып өз чеберчилиги менен шаарлардын, вокзалдардын жана тынымсыз ары-бери чабыттап жүрчү темир жол вагондорунун бардык капталдарын, маңдайлары менен боорлорун кооздоп, сүрөткө толтурууга милдеттүү".

Граффити азыркы көрүнүшүндө ХХ кылымдын 50-жылдарында АКШда жаралган, ал эми 80-жылдарда болсо вандализм эмес, көркөм сүрөт искусствосу катары расмий тааныла баштаган. 

Стрит-артта башкы максат – көрүүчүнү өзүнө тартып, ойлондуруу жана жакшы маанай тартуулоо. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЧынгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестине тартылган иллюстрациялар.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
1/14
Чынгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестине тартылган иллюстрациялар.
© Sputnik / Табылды КадырбековШаардын көчөлөрүнүн дубалдарына "бакыт" деген сөздү жазып коюшуптур. Тилектер дайым орундалсын!
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
2/14
Шаардын көчөлөрүнүн дубалдарына "бакыт" деген сөздү жазып коюшуптур. Тилектер дайым орундалсын!
© Sputnik / Табылды КадырбековЧырылдаган чымчыктар (Angry Birds) Бишкектин көчөлөрүндө.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
3/14
Чырылдаган чымчыктар (Angry Birds) Бишкектин көчөлөрүндө.
© Sputnik / Табылды КадырбековБири бирине сунулган колдор… Бири-бирибизге жардам берүүнү унутпайлы.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
4/14
Бири бирине сунулган колдор… Бири-бирибизге жардам берүүнү унутпайлы.
© Sputnik / Табылды КадырбековАшкананын эшигинен баш баккан сүрөт.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
5/14
Ашкананын эшигинен баш баккан сүрөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековТуура, "ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө"
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
6/14
Туура, "ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө"
© Sputnik / Табылды КадырбековЖөнөкөй эсептин бактылуу чыгарылышы.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
7/14
Жөнөкөй эсептин бактылуу чыгарылышы.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйдоочуларга мындай сүрөттөр МАИ кызматкерлеринин эскертүүсүнөн да алда канча таасирдүү.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
8/14
Айдоочуларга мындай сүрөттөр МАИ кызматкерлеринин эскертүүсүнөн да алда канча таасирдүү.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жазууну түшүнүп көр. Андеграун, кубизм менен биздин башыбызды оорута албайсың.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
9/14
Бул жазууну түшүнүп көр. Андеграун, кубизм менен биздин башыбызды оорута албайсың.
© Sputnik / Табылды КадырбековМындай сүрөттөргө – акыл-насааттардын да кереги жок.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
10/14
Мындай сүрөттөргө – акыл-насааттардын да кереги жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековАниме-сериалдардын каармандары өспүрүмдөрдүн дептерлеринде эле эмес, көчө дубалдарында да жашайт.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
11/14
Аниме-сериалдардын каармандары өспүрүмдөрдүн дептерлеринде эле эмес, көчө дубалдарында да жашайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековМектепке баратып англис тилин үйрөнсө да, интернеттеги пайдалуу шилтемелерди окуса да болот.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
12/14
Мектепке баратып англис тилин үйрөнсө да, интернеттеги пайдалуу шилтемелерди окуса да болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековСоветтик Кыргызстандын карапайым кызы №12 мектепке карай каадалуу кадам шилтейт,колундагы iPad чет өлкөлүк досторунан белек экени айкын.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
13/14
Советтик Кыргызстандын карапайым кызы №12 мектепке карай каадалуу кадам шилтейт,колундагы iPad чет өлкөлүк досторунан белек экени айкын.
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук стилдеги граффити. Жөнөкөй жана көркөм тартылган.
Стрит-арт на улицах столицы - Sputnik Кыргызстан
14/14
Улуттук стилдеги граффити. Жөнөкөй жана көркөм тартылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0