12:30 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Интернетти карап отурган кыз. Архивдик сүрөт

Балдарды интернет коркунучтарынан кантип сактайбыз?

© Sputnik / Игорь Руссак
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
44010

Интернет ааламы адамдарды чоңунан кичинекейине чейин өз торуна алганы баарына маалым. Анын пайдалуу маалыматтарды ыкчам бергени менен терс жактары дагы болбой койбойт. Sputnik Кыргызстан агенттиги балдарды интернет коркунучтарынан кантип сактоо керек деген суроого адистер менен жооп издеди.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Балдар дүйнөнү жаңыдан таанып, үйрөнүп жаткандары үчүн аларга керектүү маалыматтарды ылгап берүү зарыл. Ааламдашуунун натыйжасында, бир гана чоңдор эмес балдар дагы интернеттен көп маалымат алып жатканы талашсыз.

Бишкек шаардык Психотерапия борборунун жетекчиси Кеңеш Усенов интернеттин, виртуалдык оюндардын айынан балдардын арасында көп кездешип жаткан оорулар тууралуу жана балдарды коркунучтардан сактоонун жолдорун айтып берди. 

Анын айтымында, учурда балдардын арасында ар түрдүү дарттар көбөйдү. Алсак, кант диабети, кан басымдын жогорулашы, жүрөк оорулар, полиартрит, артрит жана башкалар.

"Компьютерде көп убакыт отурган балдардын иммунитети өтө төмөн болот. Балага суук тийсе тез эле ооруп калып, оңой менен айыга албайт. Акыркы учурларда бизге бейтап болуп келген жаштардын саны артты. Бул абалга алып келген себептердин негизгилери интернет, адамдын башындагы ашыкча маалыматтар, компьютердеги азгырыктар", — дейт Усенов.

Психотерапевт балдарды бул коркунучтан оолак кылуу үчүн эң биринчи иретте ата-эненин жоопкерчиликтүү болушу керектигин белгилейт.

"Бала көргөн, билген маалыматтарынын баарын сиңирип алат. Анын турмуштук тажрыйбасы жок, эмне жаман, эмне жакшы экенин баамдай албайт. Анын баарын ата-энеси көзөмөлдөп, туура багытты көргөзүп, балага ар дайым көңүл бөлүүгө милдеттүү. Баланын курсагы ток, кийими бүтүн болсо болду деп жаңылыш ойлору менен айрым ата-энелер балдарына анчейин убакыт бөлө беришпейт. Жумуштан чарчап келип, баланын ал-акыбалына маани бербей уйкуга кетет. Бул туура эмес. Ата-эне бала менен бирге компьютерде чогуу отуруп, бирге баарлашып кеңеш бериши керек", —дейт дарыгер.

Анын айтымында, сүттөй ак наристелердин дүйнөгө бере турган суроосу көп. Ошонун баарына ата-эне, жакындары эрикпей жооп бериши зарыл.

"Интернетте эмне гана жок. Пайдалуу маалыматтан баштап, кереги жок таштандылар көп. Балдардын психологиясын жаракатка алып келе турган кандуу, порнографиялык видеолор, сүрөттөр жана башка ушул сыяктуу терс көрүнүштөгү нерселерден оолак кылуу керек. Наристе аларды кокус көрүп калса, ар кимиси ар кандай кабыл алат. Бири ыйлайт, бирөөсү күлөт, дагы бирөөсү коркуп түнү бою уктай албай чыгат. Ар бир адам өзүнүн мүнөзүнө, темпераментине жараша кабыл алат жана калыптанат", — деди Усенов.

Психотерапевт ааламдашуу заманында көйгөйдү чечүү өтө оор жана зарыл экендигин айтат.

Ал кошумчалагандай, келечектеги жаштардын аң-сезими, ден соолугу жакшы болуусун кааласак, анда мамлекеттин деңгээлинде иштерди жүргүзүүгө убакыт келди.

"Эртең кандай жаштар өсүп чыгат? Аны бүгүнтөн баштап ойлонуу керек. Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана башка тиешелүү органдардын адистери биригип, "Балдарды интернет коркунучтарынан кантип сактоо керек?" — деген суроого илимий кеп-кеңештерди жазып чыгуулары абзел. Бир күндө бала канча саат компьютердин алдында ойносо болот, анын ден соолугун кантип сактоого мүмкүн деген суроолорго жалпы иштетилип чыккан изилдөөлөр керек. Аны бардык ата-энелерге маалымдоо зарыл", — дейт Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Балдар дегенде кичинекей наристеден баштап мектеп жашындагы окуучуларга чейин айтабыз.

Наристелер көпчүлүк учурун ата-энесинин жанында же бала бакчада өткөрөт эмеспи. Ал эми мектеп окуучулары көп убакыт мектепте болушат. Ошондуктан, ата-эненин милдетинен сырткары мугалимдин жоопкерчилиги дагы чоң.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Назира Мамбетмусаева аталган маселе боюнча билим берүү министрлиги тарабынан такай көзөмөл жүргүзүлөрүн белгилейт.

"Мектептерде сабак учурунда окуучуга уюлдук телефон колдонууга тыюу салынган. Ал эми информатика сабактарында терс маанидеги сайттардын бардыгына кирүүгө мүмкүн эмес. Мындай сайттар атайын системдик администратор тарабынан жабылган", — дейт маалымат катчы.

Ата-энелер эмне дешет?

Бишкек шаарынын тургуну Махабат Жумагулова интернеттин коркунучтарынан балдарды коргоо үчүн жалгыз ата-эненин күчү жетпей турганын айтты.

"Маселени чечүүдө системалуу түрдө мамлекет тарабынан дагы иш-аракеттер болуш керек. Мен балдарымдын кандай сайтка кирип, эмне кылып жаткандарын текшерип турам. Бирок толугу менен көзөмөлдөө мүмкүн эмес", — дейт Жумагулова.

Бишкек шаарынын тургуну Тариэл Чунгулов XXI кылымдагы эң күчтүү заманбап азгырык интернет болгондугун белгилейт.

"Анын жанында уйку, жалкоолук, кайдыгерлик деген "табакташтары" оозун ачкан бойдон эле калып калды. Балдардын керели кечке арбалганы, ден соолугун бузгандары, көп отурган балдардын бүкүр, булчуңдары атрофобияга кабылып жаткандары кейитээрлик көрүнүш. Оюндун миллион түрү чыккандыктан улам бирин олжо тапкандай баса калып, көз карандылыкка эрте көнүшүүдө. Балдарды эптеп арачалап калыштын ылайыктуу жолу аларга убакытты чектеп берүү. Күнүнө 30 мүнөттөн 1 саатка чейин гана уруксат берүү керек деп ойлойм", — дейт Чунгулов.

IT-адистер интернеттен баланы толугу менен коргоого мүмкүн эместигин айтышат. Бирок интернеттеги кереги жок терс мүнөздөгү сайттарды жаап салуу жолу менен маселени чечүүгө болот дешет.

IT-адис Эрмек Жанузаков бул боюнча айрым жолдорун айтып берди.

"Интернет-провайдердин системдик администратору чектөө кое алат. Терс сайттарды, кереги жок маалыматтарды жабууга кардарлар макулдугун беришсе, компаниянын адистери айтылган сайттарды жаап салат. Жыйынтыгында балдар андай терс сайттарга дуушар болбойт. Тилекке каршы, баланы толугу менен чектей албайбыз. Анткени азыр уюлдук телефон, Wi-Fi аркылуу кирүүгө өтө оңой. Бул жагын эске алыш керек", — деди Жанузаков.

Жогоруда айтылгандай көйгөйдү толугу менен чечип коюуга мүмкүн эмес. Бирок маселени кабыргасынан коюп, кадамдарды баштоо эң биринчиден ата-эненин жана мамлекеттин милдети экендиги талашсыз экенин адистер баса белгилешет.

Тема боюнча

Сариева: элеттик окуучулар интернетке туташат, компьютер сабагы 5-класстан тарта киргизилет
Мушташкан балдардын видеосуна блок коюлса да интернетке кайрадан жүктөлүп жатат
Белгилер:
ааламдашуу, дарыгер, коркунучтар, балдар, интернет

ЭҢ МААНИЛҮҮ