Коалиция тарайбы? Маселенин күңгөй-тескейи боюнча пикирлер

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЖогорку Кеңеште депутаттардын отурумунан тартылган архивдик сүрөт. Архив
Жогорку Кеңеште депутаттардын отурумунан тартылган архивдик сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Текебаев күн узабай маалымат жыйын өткөрсө, бийлик тарап аны сотко берерин айтып чыкты. Саясий абалдын жүрүшү кандай болорун төмөнкү макаладан окуңуздар.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Күз айынын келиши менен саясат айдыңында абал курчуп, күчтүү делген фигуранттар күтүүсүз кадамдарга барууда. Анын арты менен көпчүлүк коалициясы тарап кетиши мүмкүн дегендер да арбын. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги көпчүлүк коалициясынын айланасындагы кырдаалга саресеп салып көрдү. 

© Фото / Аман СариевСаясий серепчи Марс Сариев
Кыргызский политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Саясий серепчи Марс Сариев

Саясий серепчи Марс Сариев эки тараптуу кагылышуудан бийлик да, Текебаев да жабыркап жатат дейт. 

"Учурдагы көпчүлүк коалициясынын лидери Канат Исаев коалиция тарап кетиши мүмкүндүгүн айтты. Анткени баарыңыздар көрүп тургандай, "Ата Мекен" фракциясы менен бийлик эки жаат болуп калды. Ошондон улам "Ата Мекенди" көпчүлүк коалициядан чыгаруу аракеттери көрүлгөн. Бирок Текебаев абалды байкап, чыкпай тургандыгын жар салды. Эгер ал чыгып кетсе, ордуна "Республика — Ата-Журт" фракциясы кошулушу мүмкүн. Бирок конфликт ушул бойдон токтосо керек. Анткени эки тарап тең утулуп жатканын байкап калды", — деди Сариев. 

Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: Атамбаев кадр маселелерин Кадыржан Батыров менен кеңешип чечкен
Ал эми эксперт Тамерлан Ибраимов учурдагы көпчүлүк коалициясы көпкө узабайт деген ойдо. 

"Учурдагы абалды эске алсак, көпчүлүк коалиция алыска узабай калды. Анткени КСДП фракциясы "Ата Мекен" менен кызматташуусун токтотот. Буга акыркы учурдагы кайым айтышуулар анык далил боло алат. Ал эми оюндан ким чыгары бул экинчи маселе. "Ата Мекенби" же КСДП фракциясы, маанилүү эмес. Башкысы маселе коалициянын тарашында", — деди Ибраев. 

Эксперт Алмаз Акматалиев "Ата Мекен" оппозицияга өтсө чыныгы парламент куралат деген ойдо. 

"Эгер коалиция тарап кетсе, "Республика — Ата-Журт" фракциясы коалицияга кошулушу мүмкүн. Анткени аларда кантсе да 28 депутат жана реформа жасоо боюнча атайын программа бар. Алардын арты менен өкмөт күчтөнөт. Ал эми "Ата Мекен" оппозицияга өтсө, бизде чыныгы каршылаштар пайда болмок. Анын арты менен жаңы көз караштар, программалар жаралмак. Болбосо учурда бир гана партия парламентти колго алганын байкоого болот", — деди Акматалиев.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик тарап Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп чыгары менен айрым УО мүчөлөрү караманча-каршы экендигин билдирген. Ошондон улам абал күндөн күнгө курчуп барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0