Укук коргоочу: мамлекет жарандардын жерин "мыйзамдуу" тартып алууну каалап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековТалаада бараткан дыйкан. Архив
Талаада бараткан дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке менчиктеги жерди мамлекет ала албайт деген норманы жокко чыгарган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи окуусунда колдоо тапкан.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Мамлекет жарандарын жеке менчиктеги жерине көз артууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Биздин укук" коомдук фондунун төрайымы Калича Умуралиева билдирди.

Анын айтымында, жеке менчиктеги жерлерди тартып алуу үчүн өкмөт атайын мыйзам долбоорун даярдаган.

"Темир Сариев премьер-министр болуп турганда сунушталган мыйзам долбоору боюнча Жер кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ага ылайык, учурдагы жер кодексинин 32-беренедеги 6-бөлүгү жокко чыгарылат. Аталган бөлүктө жеке менчиктеги жер тилкеси мамлекеттик кызыкчылык үчүн алынбайт деген норма бар. Булар ошол норманы алып коюшууда. Мындан сырткары, 46-берененин 2-бөлүгүн да керектен чыгарып жатышат. Ал беренеде көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүштүк жерди мамлекеттин муктаждыгы үчүн алууга болбойт деген чектөө бар болчу", — деди Умуралиева.

Анын айтымында, бул чектөөлөр түздөн-түз адам укугун бузуу болуп саналат.

Түшүм жыйнап жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш гектарге чейинки сугат жерлерди бөлүп сатууга тыюу салынат
"Мен балдарымдын батирдин алдындагы аянтчада ойношун каалайм. Жеке менчик жеримди өз каалоом менен колдонгум келет. Ал эми жогорудагы өзгөртүүлөр колдоо тапса, ал укуктарымдын баарынан ажырайм. Бир гана мен эмес, бүтүндөй элдин укугу тепселенип жатат", — деди укук коргоочу.

Ал мыйзам долбоору колдоо таап кетпеши үчүн тарапташтары жакынкы күндөрү митингге чыга турганын кошумчалады.

Аталган мыйзам долбоору өкмөт тарабынан демилгеленип, ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети тарабынан парламентке алынып чыккан. Ал эми аталган комитеттин төрагасы, депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоору жарандардын укугун бузат дегенге кошулбайт.

"Бул мыйзам долбоору жарандардын укугун бузат деген туура эмес. Анткени кайсы эле жетекчи өз элинин жерин тартып алышы мүмкүн? Керек болсо Конституциянын 12-беренесине ылайык, менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет деп турат. Биздин сунуш боюнча да жер соттун чечими менен гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алынат. Мисалы, ошол жерде жол өтсө же кен чыкса алынышы мүмкүн", — деди Бакиров.

Ал жеке менчиктеги жер мамлекетке алынган күндө сөзсүз түрдө акчасы төлөнөөрүн кошумчалады.

Салык декларациясын толтуруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларация тапшырбаган депутаттар коомчулукка жарыяланат
"Эгерде жер мамлекетке өткөрүлсүн деген чечим чыкса, жер ээсине сөзсүз түрдө компенсация төлөнөт. Бирөөнүн жерин акысыз эле тартып алуу акылга сыйбаган нерсе. Буга чейин эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн канчалаган жерлер алынып келген", — деди депутат.

Ал аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин үчүнчү окуусунда каралып, суроолор көп болгондуктан токтотулганын, күзүндө үчүнчү окууда добуш берүүгө коюла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0