Баш ооруткан Баш мыйзам. Эксперттер сунушталган өзгөртүүлөрдүн оош-кыйышын экчеди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүРеферендум учурунда добуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Референдум учурунда добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өтүп, анда адистер өз пикирлерин билдиришти.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өтүп, анда адистер өз пикирлерин билдиришти.

Конституциялык кеңешме түзбөй коюу — сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдөн эл эмес, айрым партиялар пайда көрөт дегендик. Бул тууралуу тегерек столго катышып жаткан эксперт Зайнидин Курманов айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Баш мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өтүп жатат
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Баш мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өтүп жатат

Анын айтымында, азыркы өзгөртүүлөр кабыл алынса, эл аралык аренада Кыргызстанга аброй алып келбейт.

"Конституциялык кыймыл түзүлгөн жок. Андыктан демилге элге эмес, кызыкдар топторго гана таандык экени көрүнүп турат. Вице-премьер болуп шайланган депутаттын мандаты сакталса, анда бардык министр болгон депутаттардын мандаты алынбашы керек. Азыркы өзгөртүүлөрдү кабыл алсак уят эле болобуз. Көйгөйлөр бар, бирок чечүү жолдору туура эмес", — деди Курманов.

Ал эми эксперт Тамерлан Ибраимов Конституцияга өзгөртүү киргизүү ыкмалары туура эмес деген пикирде.

"Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө кандай зарылчылык бар? Баш мыйзамды өзгөртүүгө курч себеп көргөн жокмун. Ал эми рефердум аркылуу Конституцияны өзгөртүү жолу да мыйзамсыз. Анткени 2010-жылы кабыл алган Конституцияда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө бөгөт коюлган", — деди Ибраимов.

Экс-депутат Феликс Кулов сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө адам укуктары жаатында карама-каршылыктар көп дейт.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Конституцияга киргизиле турган адам укуктары жаатындагы сунуштарда карама-каршылыктар көп",— деди Феликс Кулов
Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию - Sputnik Кыргызстан
"Конституцияга киргизиле турган адам укуктары жаатындагы сунуштарда карама-каршылыктар көп",— деди Феликс Кулов

"Биз буга чейин эле Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп чыкканбыз. Анткен менен азыркы өзгөртүүлөр менен биздин сунуш такыр башкача. Биздин сунушта президенттин ыйгарым укуктарын азайтуу демилгеси айтылган. Ал эми азыркы сунуш боюнча адам укуктары жаатында карама-каршылыктар көп. Биз эл аралык милдеттенмелерден баш тарткан менен баары бир адам укуктарын тепсей албайбыз. 41-беренени алып салуу эч нерсени өзгөртпйт", — деди Кулов.

Мурунку премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Темир Сариев: Баш мыйзамды өзгөртүүдөн мурда конституциялык кеңешме куруу зарыл
Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев өзгөртүүлөрдү колдой турганын, бирок кемчиликтер арбын болуп жатканын билдирди.

"Мен жаңы өзгөртүүлөрдү колдойм. Реформа керек. Анткени учурдагы Конституция шашылыш кабыл алынып, көп кемчиликтер кеткен. Буга чейин Өмүрбек Текебаев кантип премьер-министрлерди алмаштырып тургандыгын айтып чыкты. Бул кадамга албетте Конституция жол берген. Ал эми азыркы өзгөртүүлөрдө ката көп. Биринчи эле беренеде ката кеткен. Мамлекет тууралуу түшүнүк берчү жерге адам укуктары тууралуу жазып коюшуптур. Бул туура эмес", — деди Бөрүбашев. 

Президент аппаратынын укуктук камсыздоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Анарбек Исмаилов өзгөртүүлөр керек деген пикирде.

"Учурда өзгөртүүлөрдү киргизүү заман талабы болуп турат. Андыктан мен демилгени колдойм", — деди Исмаилов.

Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өзгөртүүлөрдү кош колдоп колдой турганын жар салды.

"Мен Конституциялык реформа кабыл алынышын кош колдоп колдойм. Учурдагы Конституция мыйзамсыз кабыл алынган. 2010-жылы Эркин-Тоо гезитинде жарыяланган мыйзам долбоору менен кийинки мыйзам долбоору эки башка. Болгону өзгөртүүлөр кайсыл бир топтун кызыкчылыгын коргобош керек", — деди Үмөталиева.

Белгилей кетсек, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн.

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0