Боом капчыгайында жол кайрадан жүз миңдерди чапчыйбы?

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы жол. Архив
Боом капчыгайындагы жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК депутаты жаңы бүткөн автожолду сактап калуу үчүн миллиондор жумшала турган кошумча жабдуу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жамгырдан улам Боом капчыгайындагы Бишкек — Нарын — Торугат каттамынын асфальтталган жолун тизеге чейин суу каптап, ары-бери өткөндөргө 1-июлда кыйынчылык жаратты. Экспулатацияга берилгенине эки жыл айлана элек бул объектиге кайрадан акча бөлүп, жолдун алдына темир өтмөк орнотуу зарылдыгы айтылууда.

№2 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынчтык Турдалиевдин айтымында,  ал күнү жолчулар таң атканча иштеп, жолду шагыл, кум, суулардан тазалаган. 

"Нөшөрлөгөн жамгыр жарым саат жаагандан кийин эле сел жүрүп кетти. Асфальттын үстүнөн аккан суу 30-40 сантиметрге жетти. Кокту-колоттон келген суу бир тилкени толук жаап таштады. Таң атканча, эртеси кечке иштеп, болжол менен 1200-1300 куб метр шагыл, топурак, шилендилерден тазалап, 150 куб метр сууну сордурдук",— деди Турдалиев. 

Суу башка жакка кетпей, жолду каптап кеткендигинин себебин Турдалиев төмөнкүчө түшүндүрүп берди.

Тамчы — Бактуу-Долоноту: жумушчулар кайтадан ишке чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Тамчы — Бактуу-Долоноту: жумушчулар кайтадан ишке чыгышты
"Ар бир долбоор чийилгенде пландалып, жердин шарты, өзгөчөлүгүнө анализ жүргүзүлүшү керек. Жолчу катар айтарым, өткөөлдөр, суу өтө турган көпүрөчөлөр салыныш керек болучу. Алардын жоктугунан ушундай абал болуп жатат. Менин пикиримде алар долбоордо каралбай калган окшойт", — деди ал.

Пайдаланууга берилгенине толук эки жыл айлана элек, миллиондор жумшалган жолду дагы жакшыртып, сууп каптабагыдай  кошумча жабдып, суу өткөргөн темир өткөөлдөрдү салуу зарылдыгы келип чыкты. Ага дагы канча каражат жумшалары азырынча белгисиз… 

Депутат: жолдун алдына суу аккан өтмөк салуу зарыл

Жогорку Кеңештин депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш   комитетинин мүчөсү Эмил Токтошев кошумча өтмөктөрдү орнотуу зарылдыгын айтты. Албетте, бул бекер жасалбайт. 

"Менимче, ошол суу каптаган жолдун астынан суу агып кете тургандай өтмөк жасап, түтүктөрдү алып өтүү зарыл. Долбоорду түзүп жаткандар жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек эле. Эми ашыкча чыгым жумшалганы турат. Арык системасы жасалган, бирок ал бүгүнкү шартка туура келбей жатат",— деди Токтошев.

Ал эми Турдалиев өтмөк курулбай калган жерлерди кесип туруп, кайрадан темир өткөөлдөрдү орнотуу каралып жаткандыгын билдирди.

"Жетекчилик жолду суу каптаган күнү келип карап чыкты. Бул иш бир айдын ары-бери жагында жасалышы керек. Антпесек, сел жүргөн сайын кыйнала берчүдөйбүз. Өтө деле көп сандагысынын кереги жок, бирок 140-чакырымдагы тилкеге сөзсүз салышыбыз зарыл. Себеби, ошол жерде суу көп топтолуп жатат. Жумшала турган каржаттын суммасы болжолду түрдө 70-100 миң сомдун тегерегинде болот. Ишкана үнөмдөгөн атайын эсептеги тыйын-тыпырды ошол жакка жумшоо каралууда",— деди Турдалиев. 

Жол белгилери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ар бир үчүнчү жол белги алмаштырылууга тийиш
Транспорт жана жол министрлигинин маалым кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетов жол стандартка жараша салынганын, ал эми темир өтмөктөрдү орнотуу таптакыр болбойт деген пикирин айтты.

"Долбоор боюнча тоо тараптан түшкөн суулар ага тургандай арык системасы салынган экен. Сел келгенде арык системасын толтуруп салып, суу топтолуп калууда. Ал жерге темир өтмөк койсо, ичине шагыл тыгылып калып, тазалаганга мүмкүн болбой калат. Сууну өткөрүү жөндөмдүүлүгү жакшы эле, аны деле эсептеп туруп салышкан да", — деди Досумбетов.

Кайдыгерлик дагы канча каражаттарды жейт? 

Ал арада депутат Токтошев мындай кайдыгерликтен миңдеген каражаттар ысырап болуп жаткандыгын, буга жол берген тиешелүү тараптардын жоопкерчилиги  каралыш керектигин айтты.   

"Суу өтмөктөрдү жаткырып, жолдун асфальтын кайра жабыш үчүн 100 миңден да кымбат каражат кетет. Канча акча кетсе деле түтүктөрдү коюу менен жолду сактап калышыбыз керек. Ушул убакка чейин эч ким  жоопкерчилик тартпагандыктын кесепетинен ушундай болуп жатат. Бул долбоор бир эмес, 20-30 адамдын колунан өткөн. Тиешелүү тараптар  кайдыгер мамиле үчүн жооп бериши керек. Бул маселеге биз дагы кайрылабыз", — деди Токтошев.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматында, 2010-2013-жылдары Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун  9-чакырымдан 270-чакырымына чейинки аралыгын China Road компаниясы оңдоп-түзөгөн. Ал эми 2014-жылы Бишкек-Нарын-Торугат автожолу боюнча башкармалык өзүнүн балансына, экспулатацияга алган.  

Жаңылыктар түрмөгү
0