Эксперт: КРдин маморгандарынын кызматкерлерине киберчабуул болуп жатат

© flickr.com / hackNY.orgКопьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Копьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан кибершпиондордун чабуулуна байма бай туш болгон алдыңкы үч өлкөнүн катарында. Бирок мында чабуулчулар жеке маалыматын алууга кызыкдар 200-300 мамлекеттик кызматкерди тизмектешкен.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери жыл башынан бери кибершпиондордун тобу тарабынан даректүү чабуулга туш болуп жатышат. Бул тууралуу Маалыматтык коопсуздук борборунун (МКБ) адиси Антон Кирсанов билдирди.

Шаршемби күнү "Касперскийдин лабораториясы" сайтында Интернетти киберкоркунучтардан сактаган эксперттер Орто Азия жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык жана мамлекеттик мекемелерине чабуул болгонун аныктагандыгы жарыяланды.

ЖАМКтын сайты хакердик чабуулдан кийин кайтадан иштей баштады
Чабуулдан Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Индия, Мьянма, Непал жана Филиппиндеги интернет пайдалануучулар жабыр тарткан. Түзүлүштөргө вирусту жайылтуу үчүн кара санатайлар Microsoft Office тиркемесинин кемчилигин пайдалануу мен ишке ашкан программаны колдонушкан.

Буга чейин бул программаны Platinum, APT16, EvilPost жана SPIVY топтору пайдаланып келгени белгилүү болчу, бирок бул жолкусунда жаңы Danti тобу аныкталды.

Кирсановдун айтымында, чабуул максаттуу жүргүзүлүп, мамлекеттик кызматкерлердин компьютердеги документтерин алуу үчүн жасалат.

"Кыргызстан чабуулга туш болгон алдыңкы үч өлкөнүн катарынан орун алган. Мында кара санатайлардын тизмесинде алар үчүн кызык болгон 200-300 мамлекеттик кызматкерлер бар. Бирок зыяндуу программа камтылган кат пайдалануучулардын баарына барып жатат", — деди ал.

Эксперт чабуулдардан коргонуунун жолу оңой экенин белгиледи — мында компьютердин коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин карманып, программалык камсыздоону өз маалында жаңылап туруу зарыл.

"Бейтааныштардан келген билдирүүлөрдү ачпаш керек. Шектүү файлдардын жүктөөдөн да оолак болуу зарыл. Анан албетте, лицензиялык программаларды пайдалануу кажет", — деди Кирсанов. 

Киберчабуул же хакердик чабуул — компьютердик системадагы маалыматтык коопсуздукка кол салуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0