Бишкек — Ош жолу өлүм жолуна айланууда

Жазылуу
"Sputnik Кыргызстан" маалымат агенттиги билдиргендей, 22-апрелде саат 05.30 чамасында Бишкек-Ош жолунун Уруу-Жар айылынын аймагында "Ford transit" жана "Volkswagen Passat" үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 13 адам ар кандай жаракат алып, бир жаран көз жумган. Жаракат алган беш киши Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жаткырылган.

Бул бир күндө ушул жолдо болгон бир гана окуя. Мындай автокагышуулар, жолдон чыгып кетүүлөр, кулап калуулар күнүгө болуп турат. Адам өмүрүн алган автокырсык Түндүк менен Түштүктү бириктирген кара жолдо күнүгө катталат. Ал үчүн ушул эле "Sputnik Кыргызстан" сайтына бир көз жүгүртүп чыгыңыз… Дагы катталбаганы канча?..

Анын себеби эмнеде? 

Эң биринчи себеби — дал ошол автожолдун жалгыз экендигинде. Жол чынын айтканда мынча автоунаанын агымын көтөрө албайт. Машинанын көптүгү жана жолдо түнкү машиналардын алысты көргөзүүчү жарыктарынын айрым айдоочулар тарабынан өчүрүлбөй барышы айдоочуларды чарчатат, алардын кыжырын келтирет. Андыктан да айрым таксичилер Бишкектен Ошко, Оштон Бишкекке бир барып келүүнү өлүм жолун бир көрүп чыгуу менен салыштырып жүрөт.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан бир киши каза таап, 13 адам жабыр тартты
Мында оор жүк ташуучу машиналардын көптүгү да абалды татаалдаштырат, алардын кээ бирлери жолдун ортосуна түшүп алып, каршысындагыларды да, артындагыларды да кысып айдашат. Жол негизинен эки катарга гана ылайыкталган, алдыдагы машинаны басып өтүү үчүн каршыңда автоунаа жок болушу керек, аны көрүү үчүн жолдун түз жерине чыгышың зарыл. Ал эми жолдун түз жери, бул трасса тоолорду жана айылдарды, дөңсөөлөрдү аралап өткөндүктөн, бул жагынан Сасновкадан, ал жагынан Таш-Көмүрдөн кийин дээрлик жок. Демек, айдоочу алдыга озуп чыгуу үчүн жолду катар мойнун созуп гана барат. Андыктан да 700 чакырымга жетпеген аралык 14-15 саатка созулуп кетет. 

Эң кейиштүүсү — жолдун бузулуп калганы. Балким ал иштөө мөөнөтүн бүтүргөндүр. Оңдоо жумуштары 1995-жылы башталган, 20 жылдан ашты, Ирандын "Кейсон" компаниясы, "Суусамыр-Интер" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы, Түштүк Кореянын "Самсунг" фирмалары иштеген жерлер анча сапаттуу болбой калганы бүгүн айгине болуп отурат. Кезегинде жакшы эле бүткөнсүгөн жолдун азыр Төө-Ашуунун ары жак-бер жагы, Суусамырдын ичи жыртылып, чөнөккө толуп бүткөн. Ал жерлер машиналарды кагып, шалдыратып да кыйнайт, ылдамдыкты да жогорулата койбойт. 40 тоннага чейин жүк салган оор жүк ташуучу жолдун ышпалдасын чыгарып, пресстеп таштаган.

Тешкен тоого деп ары жагынан да, бери жагынан да ар бир өткөн кыргызстандык жеңил машинадан кырк беш сомдон кырып алат, оор тарткандардан андан арбыныраак, чет элдиктерден дагы көп акча топтойт. Бир күндө миңдеген унаа өтөт, бул деген оңбогондой көп каражат, анан ошону жолго жумшаш керек эле, бирок анын акыбети көрүнбөйт. Андан тышкары да ар бир машина жол салыгын төлөйт. Ал акчалар кайда? Жолдорду болсо эл аралык банктардан акча алып, аларды көтөрмөлөп кайра төлөп берип эптеп куруп жатабыз?!

Бишкекте төрт унаа кагышып, ири тыгынга алып келди
Анан ал жолдорубуз өлүм жолдоруна айланууда. Жол бою айдоочулар эс ала турган, машиналарын каратып ала турган, алардын техникаларын жүрүүгө жарактуу же жараксыз экендигин текшере турган мамлекеттик ишканалар алиге чейин түзүлгөн жок. Токтогул суу сактагычына же көпүрө же паром курулуш керек эле, аны ойлогон киши жок, эгер ойлосок инвесторлор табылмак. Түркия да Стамбулдагы Босфордун Азия жана Европа бөлүктөрүн туташтырган көпүрөсүн Японияга берген, жыйырма жыл пайдасын өзүңөр көргүлө деген, жыйырма жыл өттү, көпүрө Түркияга калды. Биз да ошентсек болбойт беле! Суу сактагычты айлануу үчүн бир жарым-эки саатыбызды жоготуп алабыз. Эгер паром болсо бензинге да үнөм болуп, шофёрлор да чырм этип алмак.

Анан жанагы Уруу-Жардан башталып, Топурак-Белге чейинки жол аралыгы Бишкек — Ош жолунун реконструкциясында "эстен чыгып" оңдолбой калган. Ал жерлер тар жана жалаң элдүү пункттардан өтөт, жол четин дарактар жаап калган. Мына ушул аралыкты кайра "эстөө" керек. Көп жерди Боом ичиндегидей каршы-терши өткөндөр бири-бирине тоскоол кылбагандай тосмолоп чыгуу зарыл.

Ушундай ойлорду ойлоп бул жолдо тилиңди тиштенип барасың да, "кудайлап" жүрүп отурасың…

Жаңылыктар түрмөгү
0