Француздар мигранттарды кылмыштуулуктун башкы себепчиси деп эсептейт

© AFP / DENIS CHARLETСотрудники полиции Франции на поселении мигрантов. Архивное фото
Сотрудники полиции Франции на поселении мигрантов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Францияда 3-5-февраль күндөрү жүргүзүлгөн. Ага катышкан 1499 адам жынысы, географиясы жана жаш курагы боюнча тең салмакта каралды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун натыйжасында француздардын басымдуу бөлүгү (64 пайызы) Африка менен Жакынкы Чыгыштан келген мигранттарды кылмыштуулуктун башкы себепчиси деп эсептей турганы белгилүү болду.

Француздар Африка менен Жакынкы чыгыштан келген мигранттарды кылмыштуулуктун башкы себепчиси деп эсептейби?
Француздар Африка менен Жакынкы чыгыштан келген мигранттарды кылмыштуулуктун башкы себепчиси деп эсептейби? - Sputnik Кыргызстан
Француздар Африка менен Жакынкы чыгыштан келген мигранттарды кылмыштуулуктун башкы себепчиси деп эсептейби?

Мындай маалымат Sputnik эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун буйрутмасы менен Ifop изилдөө компаниясы тарабынан жасалган сурамжылоонун негизинде аныкталды. Франциялыктар мигранттардын кылмыштарынан жакшы кабардар экенин көрсөтүштү. Мында элдин 8 пайызы гана жооп бере албай кыйналлы. Ал эми мигранттар кылмыштуулуктун өсүүсүнө эч таасир тийгизбейт дегендердин саны 28 пайызды түздү.

Евро биримдиктин өлкө башчылары мигранттар боюнча Түркиянын сунушун колдоого алды
Сурамжылоо Францияда 3-5-февраль күндөрү жүргүзүлгөн. Ага катышкан 1499 адам жынысы, географиясы жана жаш курагы боюнча тең салмакта каралды. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0