Ош: шайлоого болгон даярдык. Мэр, талапкерлер, карапайым калктын пикири

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаарындагы жергиликтүү кеңештерге даярдануу иштери. Архив
Ош шаарындагы жергиликтүү кеңештерге даярдануу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең 27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Анда 22 айыл аймакта жана алты шаарда жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Ош шаарындагы шайлоого болгон даярдыктар менен жеринен таанышып, айтып берди.

ОШ, 26-мар. — Sputnik, Исмаил Мамытов. Шаардын борбордук көчөлөрүндө, эс алуу бактарда, жада калса тоо бооруна да үгүт материалдары чапталуу. Үгүт иштеринин акыркы күнү болгондуктан, ар ким өз көмөчүнө күл тартууда. 

Ош шаарындагы Курманжан Датка жана Навои көчөсүнүн кесилишинде турсам, өтүп бара жаткан унаа токтой калып, терезисинен колума үгүт материалдарын карматты да жүрүп кетти. Байкасам, мага эле эмес шаар көчөсүндө бара жаткандарга унаа менен гезиттерин таркатып жүрүптүр. 

Көп өтпөй дагы бир унаа аркасына жүктөлгөн колонкалар менен бир партияны мактап өттү. Ары бассам аялдамада "Ошко жаңы адамдарды алып келебиз" деген жазуу илинип турат. Мунун баары шаардык кеңешке даярдыктар кызуу жүрүп жатканынан кабар берет. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов шайлоого даярдык план боюнча жүрүп жатканын айтты. 

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов
Глава УИК города Ош Абдижалил Муратов - Sputnik Кыргызстан
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов

"Ош шаардык кеңешке шайлоо өнөктүгү өз нугунда жүрүп жатат. План боюнча жетишүүдөбүз. Шаарда 117 миң 752 шайлоочу бар. Алар үчүн 73 шайлоо участкасы иштейт. Ал эми шайлоодо 13 партия ат салышууда. Кырк күн мурун шайлоо участкаларында тизме илинген. Ошол жерден шайлоочулар өзүлөрүн тактап алышса болот. Ал эми каттоосу шаарда болбогондор арыз жазып, өзүнө ыңгайлуу жерден добуш бере алат", — дейт Муратов. 

Анын айтымында, эл арасында ар кыл сөздөр айтылууда. Анткен менен үгүттөө учурунда мыйзам бузуу катталган жок. 

"Акча таратып жатышыптыр деген сөздөр айтылганы менен факт катталган жок. Эгер кайсы бир партия акча таркатканы аныкталса, дароо жарыштан четтетилет", — деди Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы. 

Ал эми шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев шайлоо ачык өтөт деп сөз берди. 

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев
Ош: жаңыланган от казандар абалга аралжы боло албай жатканы мэрдин жинин келтирди - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев

"Даярдык кызуу жүрүп жатат. Шайлоо ачык өтөрүнө сөз берем. Айта кетчү жагдай, шайлоону таза өткөрүү ыкмасын 24 жыл издеп, ачкычын былтыркы жылы парламентке болгон шайлоодо таптык десем болот. Буга чейин шайлоонун арты менен революциялар болуп келген. Андыктан бул ирет да парламенттик шайлоодой таза өтөт", — дейт Кадырбаев. 

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков шаардык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. 

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков
Представитель пресс-службы Ошского областного ГУВД Замир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 17-мартта Ноорузга карата күчөтүлгөн тартипке өткөн. Ошол бойдон күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бүгүнтөн баштап шайлоо бюллетендери таркатылып берилди. Аларды биздин кызматкерлер күн-түн дебей көзөмөлдөшөт. Шайлоо участкаларына калктын санына жараша 7-8ден милиция кызматкери бөлүнгөн. Мындан сырткары, 1000ге чукул элдик кошуун көмөктөшөт", — дейт Сыдыков. 

Ал кошумчалагандай шайлоо күнү тартипти бузгандарга катуу жаза көрүлөт.

Бабур драма театрындагы №5901 шайлоо участкасынын төрагасы Кубанычбек Сулайманов аталган участок шайлоого жүз пайыз даяр экенин айтты.  

© Sputnik / Исмаил МамытовБабур драма театрындагы №5901 шайлоо участкасынын төрагасы Кубанычбек Сулайманов
Председатель избирательного участка №5901 Кубанычбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Бабур драма театрындагы №5901 шайлоо участкасынын төрагасы Кубанычбек Сулайманов

"Коопсуздук чаралары толук көрүлдү. Операторлор компьютерлерин орнотуп жатышат. Ал эми бюллетендер сейфте сакталып турат", — дейт Сулайманов. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Болуш Баев техникалык жабдыктар орнотулуп жатканын айтты. 

"Бүгүнтөн тарта шайлоого керектелчү техникаларды орнотуп жатабыз. Башкы сервер атайын сейфте сакталат", — деди ал.

Бабур драма театрындагы №5901 шайлоо участкасын сегиз милиция кызматкери көзөмөлдөп жатканын лейтенант Сагын Алиев билдирди. 

© Sputnik / Исмаил МамытовБабур драма театрындагы №5901 шайлоо участкасын сегиз милиция кызматкери көзөмөлдөп жатканын лейтенант Сагын Алиев
Лейтенат милиции Сагын Алиев - Sputnik Кыргызстан
Бабур драма театрындагы №5901 шайлоо участкасын сегиз милиция кызматкери көзөмөлдөп жатканын лейтенант Сагын Алиев

"Бүгүн эртең менен шайлоо участкасына сегиз кызматкер бөлүндүк. Шайлоо бүткөнчө көзөмөл кылгыла деген буйруктун негизинде кайтаруудабыз”, — деди ал. 

Ал эми Ош шаарынын тургуну Тимур Арзыматов мурунку шайлоого эл чын жүрөгү менен катышканын эскерди.

"Мен мурунку шаардык кеңешке болгон шайлоодо кезекке туруп жатып араң добуш бергем. Ош шаарынын тургундары бул жолкусунда да көп келеби деген ойдо эрте барып добуш берүүнү көздөп жатам", — дейт ал. 

Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодө кимдер мөрөй талашат?
Ал ортодо Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө кезиккен 40ка чукул адамдан "Шайлоого катышасызбы?" деген суроонун алкагында сурамжылоо жүргүздүм. Анда көпчүлүгү каттоосу жок болгондуктан, шайлоого барбайбыз деген жооп узатышты. Сурамжылоонунун жыйынтыгында 16 адамдын каттосу жок болуп, тогуз адам убактысы тар болгондуктан шайлоого катышпай турганын айтты. Ал эми өзүнүн жарандык позициясын 15 адам аткарабыз деп жооп узатты.

Эскерте кетсек, эртең 27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаар менен 20дан ашуун айыл өкмөттөрүндө өтөт. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 265 миң жаран добуш берет.

Мыйзамга ылайык, шайлоодо жети пайыздык босогону ашкан партиялар гана шаардык кеңешке өтөт.

Ош шаардык кеңешке депутат болчу талапкерлердин тизмесин Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0