Психологдор бактылуу болуунун сырын айтып беришти

Жазылуу
Адистер бактылуу болуунун сыры жөнөкөй экенин айтышат. Алардын пикири боюнча, өзүңдү бактылуу сезиш үчүн күнүмдүк жаңылыктардын арасынан позитивдүүлөрүн гана жүрөктөн өткөрүү керек.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бактылуу болуу деген эмне, социалдык тармактардын таасири жана эмне үчүн эйфория адамды бакытка ар дайым бөлөй албай тургандыгын РИА Новости агенттигине психологдор айтып беришти. 

Бактылуу болуу деген эмне? 

Ар бир күнү позитивдүү жагдайларга концентрация ала билүү адамдардын канчалык деңгээлде бактылуу экенин аныктайт. Мындай пикирди психолог Ольга Даниленко айтат. 

"Бактылуу сезимдин жаралышына бир гана сырткы факторлор таасир этпейт. Коомчулукта эмнегедир материалдык байлык болсо адам сөзсүз бактылуу деген түшүнүк калыптанып калган. Материалдык байлыкка жеткенде канааттануу сезими пайда болушу мүмкүн, бирок, муну чыныгы бактылуу адамдын сезими менен чаташтырбаш керек. Себеби, бактылуулук жашоодогу кырдаалдарды, дегеле жашоону кандай түстө кабыл алууга жараша болот", — дейт Даниленко.

Ала-тоо аянтындагы концерттин көрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан бактылуу өлкө рейтингинде 85-орунду ээледи
Анын айтуусунда, үч сценарийдин негизинде адамдар өздөрүн бактылуу сезишет. Биринчи учурда — адам өзүнүн ички дүйнөсүн, каалоосун жашоодон рахат алууга багыттайт. Экинчи учурда — жумушта ийгиликтерге жетишүү, жеке долбоорлорду ишке ашыруу же өзүн бирөөгө арнаганда бактылуу сезишет. "Мисалы, биз көз алдыбызда балабыздын чоңоюп жатканына абдан кубанабыз", — дейт адис. Үчүнчү учурда — "өзгөчө талантым бар" деп эсептеген адамдар өздөрүн бактылуу сезишет. 

"Бактылуулук эмне экенин эч ким билбей турган учурда сөздүн этимологиясы ар качан жардамга келет. Адам өзүн толук кандуу бактылуу сезиши үчүн бир нерсе жетишпей турушу ыктымал. Ошол бир нерсе ар кимдин каалоосунун ар түрдүүлүгүнө байланыштуу", — деп билдирет үй-бүлөлүк психолог Ирина Обухова. 

"Бир нерсеге жетүү үчүн эмне жетишпей жатканын аныктап, аны моюндаш керек. Бактылуулук сүйүү сыяктуу эле кайраттуулук менен эрдикти талап кылат. Ошондуктан, жан дүйнөгө эмне жетишпей жатканын моюндап, ага жетүүгө каалоо пайда болушу керек. Рецепт адаттагыдай жөнөкөй эле, бирок, аны аткаруу жеңил эмес", — деп кошумчалайт Обухова. 

Кантип бактылуу болсо болот? 

Психолог Ольга Даниленконун айтымында бактылуу болуунун сыры жөнөкөй: "бардык кабатырлануулар кыска мөөнөттүү эле, бактылуу көз ирмемдерди баалай билиш керек". 

Салттуу илимдердин эксперти Чынара Сейдахматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайын-журтуна сиңе албай жаткан келиндер же кыргыз кыздары жөнүндө маек
Психолог белгилегендей, негативдүү көз ирмемдер адамдардын көңүлүн өзүнө бат эле буруп алат. Себеби, бир туура эмес кадам, келечекке залакасын тийгизиши мүмкүн. Мунун баарын түшүнүп турган адам, жаман окуяларга көпкө чейин кейип-кепчий берет. Ал эми позитивдүү жаңылыктар адамдын жашоосуна залака тийгизбегендиктен, бир жолку сүйүнүү менен унутулуп калат. 

"Бактылуу болуш үчүн жашоодогу бардык кичине-чоң жакшылыктарга кубана билүү керек. Жаңылыктардын арасынан позитивдүүсүн көрө билген адам бактылуу. Биздин аң сезимдин кабыл алуусу, чектелүү. Анын чоң бөлүгү негативдүү жаңылыктарга толуп калган. Ал эми позитивдүү жаңылыктарга көп көңүл деле бурбайбыз", — дейт психолог. 

Бактылуу болууга социалдык тармактардын таасири

Ольга Даниленконун айтымында, кайсы бир деңгээлде социалдык тармактар адамды бактылуу кыла алат. Себеби, ал жакка адамдар өздөрүнүн татынакай сүрөттөрүн киргизип, көз ирмемдерин жазып позитивдүү алкак жаратышат. 

"Батыш өлкөлөрүндөгү билим берүү тармагында мыкты ыкмалар колдонулат. Мисалы, алар окуучуларды өздөрүнүн артыкчылыктарын, башкалардын ийгиликтерин көрө билүүгө үйрөтүшөт", — деп кошумчалайт Даниленко. 

Ал эми Ирина Обухова Даниленконун пикирине кошулбайт. 

"Социалдык тармактар аркылуу кандай сонун жашап жатканын көрсөткүсү келген адамдар, чыныгы жашоосунда бактылуу эмес болушу ыктымал. Алар сүрөт киргизип же пикир жазып алып, эми элдер кандай кабыл алат болду экен дешип, башкалардын көз карашы менен жашашат", — дейт Обухова. 

Бакытпы же эйфориябы?

Эйфория менен бакытты бир нерсе деп эсептөө туура эмес деп билдиришет адистер. 

"Эйфория — бул убактылуу бакыт сезими. Бул организмдеги гармондордун бөлүнүп чыгышына көз каранды. Ал эми чыныгы бакыт сезими жетишкендик менен бакубатчылыкка байланыштуу болот", — деп билдиришет адистер. 

Ирина Обухова кошумчалагандай, эйфория чыныгы бакытка караганда тез эле кайтып кетүүчү сезим. 

Жаңылыктар түрмөгү
0