Эксперт: Самара университетинин бүтүрүүчүлөрү Европа дипломдорун алышат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСамара шаарына көрүнүш. Архив
Самара шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самара университети — аэрокосмос тармагындагы россиялык билим берүү боюнча лидери. Сентябрдан баштап Европа жана АКШнын жогорку окуу жайлары менен бирге студенттерди кош диплом программасы боюнча даярдоону баштады.

Бүтүрүүчүлөр россиялык университеттин эле эмес, чет өлкөнүн да дипломун да алышат. Самара университетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Сергей Тиц окуу жай, андагы артыкчылыктар тууралуу айтып берди.

— Сергей Николаевич, кош диплом программасы боюнча Самара университети кайсы жогорку окуу жайлар менен биргелешип иш алып барат?

— Бизде "Учуучу аппараттардын кыймылдаткычтары" багыты боюнча Штутгарт Университети (Германия), "Радиотехника" багыты боюнча Виго Университети (Испания), "Мехатроника" жаатында Лаппеенрант Университети (Финляндия) жана "Оптика" багыты боюнча Ворчестер политехникалык университет (АКШ) менен магистр программаларын ишке ашыруу жөнүндө келишим түзүлгөн.

— Бул программаларга кимдер катыша алат?

ЖОЖ окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Малайзиянын жогорку окуу жайы Кыргызстанга 10 орун берүүгө даяр
— Самара университетинде магистратурада окугандардын баары катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Кош диплом программасы ишин 1-сентябрда баштайт. Азыр магистратурага тандоо болуп, өткөндөрдүн арасынан программанын жетекчилери каалоочуларды тандап алышат.

Окуу программасы кадимки программалардан эч айырмаланбайт. Болгону жогорку окуу жайдын кошумча окуу мерчеми бар, ага ылайык биздин стденттерге бир жыл бою чет өлкөдө окууга мүмкүнчүлүк берилет.

— Ал үчүн студенттер англис тилин жакшы билүүсү керек да?

— Албетте, тандоодо тилге артыкчылык берилет. Окуусунан жетишпегендер күчөтүлгөн түрдө окуп, өнөктөштөрдүн талабына ылайык тил боюнча экзамен тапшырышат. Эреже катары TOEFL же IELTS тутуму боюнча тийиштүү упай топтоо керек.

— Келишимдин негизинде окуган студент чет өлкөдө окуу үчүн кошумча акча төлөшү керекпи?

— Эгерде ал контракт менен окуган студент болсо, анда бул жердеги ар дайым төлөнүүчү акысын төлөшү керек. 

— Кош дипломдор үчүн Самара университетин бүтүрүүчүлөрү эмгек базарындагы суроо-талапты жогорулатат деп эсептейсизби?

— Албетте, бул студенттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогору болот. Тилекке каршы, азыр бүтүрүүчүлөр мүчүлүштүү билим алат, мисалы, долбоорду башкаруу же берилген нарк боюнча долбоорлоо деген эмне экенин билбейт. Ал эми чет өлкөдө билим берүү жараяны студенттер үчүн ылайыкталып түзүлгөн. Муну менен бирге чет өлкөдө окуу чет тилди мыкты билүүгө жана коммуникация тажрыйбасын өздөштүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүктөр бар.

— Кош диплом программасынын негизинде башка жогорку окуу жайлар менен кызматташуу ойдо барбы?

— Ооба, андай пландар бар, биз алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Азыр "Кыймылдаткыч куруу" багыты боюнча Politecnico di Torino Университети (Италия) менен магистр программасы боюнча келишимге кол коюуга даярдык көрүп жатабыз. Окуу планын бир ыңтайга келтирдик. Студенттерибиз сабактарды эртерээк башташы үчүн бардык иш кагаздарына окуу жылы баштала электе кол коюп жетишүүбүз керек. 

Итоговое сочинение в российских школах - Sputnik Кыргызстан
Быйыл жогорку окуу жайга өтүш үчүн былтыркыдай балл алыш керек
P.S. Королёв атындагы Самара улуттук изилдөө университети (Самара университети) Самара мамлекеттик аэрокосмостук университети (СГАУ) жана классикалык негизинде (СамГУ) болуп түзүлгөн. 2015 жылы ноябрда СамГУ жана СГАУ бириктирилип, учурда анын аталышы өзгөрүүдө. 

Самара университети "Проект 5-100" — атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу программасы боюнча алдыңкы катардагы россиялык жогорку окуу жайлардын катарына кирет. Бириккен университетте 136 илимий бөлүм бар. Окуу процесси төрт институтта, 15 факультетте жана 104 кафедрада жүрөт. 

Азыркы убакытта Самара университетинин студенттеринин жалпы контингенти 17578 адамды түзөт. 1406 мугалим иштеп, анын ичинде 341 илимдин докторлору жана профессорлор, 660ы — илимге талапкерлер жана доценттер. Бириккен университеттин илимий-изилдөө ишине 1269 илимий-педагогикалык ишмерлер жана 602 аспирант катышып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0