"Сервант" менен "Сервантестин" айырмасын билбеген айрым мигранттар жүдөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквадагы мигрант кыз. Архив
Москвадагы мигрант кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Айида Батырбекова бөтөн элде жөн жүрбөй кылмыш жасап, кези келгенде "патриот" боло калган бурадарлар, бүтүндөй кыргыз элине көө жаап, жүдөткөнүн айтат.

Менин атым Айида. Атам менен апам айылдын барктуу адамдары. Бардыгыбызга жакшы тарбия берип чоңойтушту.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада кыздарды кордоп жүргөн "патриоттор" кармалды
Учурда маалымат агенттиктеринин биринде кабарчы болуп иштейм. Бул жакта иш оор. Күнү-түнү калемиңди шилтей салууга даяр турушуң керек. Себеби, кыргызстандыктар уйкуга киргенде америкалыктар ойгонот. 

Эгер жүйөөлүү көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, журналисттик чеберчиликти көрсөтпөй турган болсом, эртең башка иш караштыра берсем болот. Бардык жерде ишке болгон талап ушундай болсо керек. Колуңдан келсе жаса, келбесе тынч отур. 

Муну айтып жатканымдын себеби, бир нерсени унутпаш керек. Азыркы заманда сенин алган тарбияң, канчалык сонун адам экениң редакторуңду же фирманын директорун кызыктырбайт. Ал сенин жасаган ишиңе гана кызыгат. Тагыраагы, өз кесибиңдин чеберисиңби, демек, сен ишкананын баалуу кызматкерисиң. Бир гана талыкпас эмгектин артынан өзүңдүн мыкты адам экениңди коомчулукка далилдей аласың. 

Эми "патриот" болуп кыздарды кордогондорду алалы. Түшүнөм, кыргыз кыздары башка улуттун жигиттери менен колтукташып жүрсө жүрөктөрү ооруп, ичтери күйүп, улуттук сезими ойгонуп кыздарды чачтан алып сүйрөгүлөрү келеттир. 

Бирок, реалдуу жашоодо алгылыктуу иш жасабаган, аты бар заты жок "патриоттордун" ичиндеги күйүп-бышкан куру кыйкырыгы кимге кызык? Мен деле эки сөздү кошуп жаза албай "журналистмин" дей берсем, редакторум ошол күнү "Сен кимсиң? Давай, жакшы бар!" деп айтат да. 

Айткым келгени, азыркы жашоодо сиздин жакшы адам экендигиңиз, патриоттуулугуңуз жараткан ийгиликтериңиз менен гана таанылат. 

Кар тазалаган коммуналдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таттуу кыял артынан кеткен мигранттардын тозок оту…
Ал эми бирөөнү токмоктоп, коркутуп, үркүтүү адамдын эмес, эмоциянын же кыргыздар айткандай шайтандын эле иши.

Кечээ эле укук коргоо орган кызматкерлери караңгы бурчтан кыздарды кармап алып дарс окуган жигиттерди кармашты. Кызыгы — экөөсү жүк ташып иштесе, бирөөсү көчө шыпырат экен. 

Мен аларга суроо узатат элем, бирөөгө акыл үйрөткөндөй философия илимдеринин доктору же психологсуңарбы? Ал мындай турсун, акыркы жолу качан китеп окудуңар эле? 

Тарбия берүүнүн да эрежеси болот да. Дүйнө жүзү боюнча ата-энесинин, жакындарынын катуу сөзүнө арданып суицид кылгандардын саны миңдеп саналат. Бири-бирине жасаган туура эмес мамиледен, ачуу сөздөн, көңүл калуудан стресске кабылып, жүрөк оорулуу болгондор канча. Баса, Кыргызстанда жыл сайын 20 миң адам жүрөк оорудан ажал табат.

Кээде ойлойм, жаратылыш, жол кырсыктарынан камсыздангыла деп мыйзам чыгарганча "бири-бириңердин нервиңерди бузбагыла, сылык болгула, көңүл оорутпагыла" деген сабактарды киргизсек туура болчудай. 

Туура түшүнгүлө, мен жогоруда "көчө шыпыргыч", "жүк ташыгыч" деп айтканым басынткандык эмес, андай текеберлик оюмда да жок. Болгону, ар бир ишти колунан келген адам жасашы керек деп ойлойм. Чымчыкты да касапчы сойгону жакшы. 

Молдомун деп эле сакал өстүрүп, ар кандай дарс окуп жүргөн молдолордун айынан ислам динине көө жабылып жаткандай, Россиядагы ээнбаш мигранттардын кылыктарынан улам, бүтүндөй кыргыз улуту жаманатты болуп жатат. 

Песков наристени мыкаачылык менен өлтүргөн аялдын улутуна асылбоого чакырды
Ал аз келгенсип, мигранттардын арасында кылмыштуулук көбөйүп жаткандыктан, Россиянын улутчулдары мигранттарга катуу чара көрүү шарттарын коюп, митингге чыга башташты. 

Бир кумалак бир карын майды чиритет болуп, ээнбаштардын азабын эми жалпы мигранттар тартат окшойт…

Кыскасы, "Сервант" менен "Сервантестин" айырмасын билбеген айрым мигранттар бүтүндөй кыргыз элин жаманатты кылып, жүдөтмөй болду… 

Жаңылыктар түрмөгү
0