Эксперт: илбирстин терисин сактап же белек кылгандарды жоопкерчиликке тартуу керек

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда Ак-Суу районунун ИИБ кызматкерлери ак илбирсти атып, териси менен башын алып келе жаткан кишини кармаган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Маңзатты сактаган жарандарды жоопко тарткан сыяктуу эле, илбирстин терисин сактап же бирөөлөргө белек кылгандарды да жоопко тартуу керек. Мындай пикирин NABU (жаратылышты жана биотүрдүүлүктү коргоо биримдиги) уюмунун браконьерликке каршы Барс тобунун жетекчиси Курманбек Дүйшеев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Ак-Суу районунун ИИБ кызматкерлери 16-январда ак илбирсти атып, териси менен башын алып келе жаткан жаранды кармаган.

Дүйшеев илбирстерди сактоонун натыйжалуу ыкмасы катары анын терисин үйүндө сактагандарды да кылмыш жоопкерчилигине тартуу экенин айтат.

"Бизде илбирстин терисин үйүндө сактап, аны дубалга илип, башкаларга белекке берип, же жумшак эмеректердин үстүнө салып койгондор кездешет. Маңзатты сактагандарды жоопко тарткан сыяктуу эле илбирстин терисин сактагандарды да жоопкерчиликке тартуу боюнча атайын берене иштеп чыгуу керек. Кыргызстандын аймагында 300гө жакын ак илбирс бар. Бул жаныбар эки жылда бир жолу гана тууйт. Андыктан алардын саны оңой менен көбөйбөйт", — деди Дүйшеев.

Бүркүттүн санынын кыскарышы токойлордун азайышына, мергенчиликке байланыштуу келет. Көп учурда ал аңчылардын курмандыгына айланып калат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары сүрөттө
Илбирс мышыктар түрүнө киргендиктен баласын коруп, же коргой албай калса өлтүрүп саларын ал кошумчалады.

Ак илбирсти аткандарга 500 миң сом айып салынып, же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Дүйшеевдин айтымында, дүйнө жүзү боюнча беш миңге жакын гана ак илбирс бар. Алар 12 мамлекеттин аймагын жайлайт. Эң көбү Кытайда.

Кыргызстанда "Ак илбирс" атындагы киносыйлык бар. Андан сырткары Бишкек шаарынын гербинде да ак илбирстин элеси түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0