Депутат газдын баасы доллар эмес, рубль менен эсептелгенде асман чапчымак эмес дейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрь айына карата бир кубометр газ калк үчүн 15,77 тыйын деп белгиленсе, өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр 19,18 сомдон төлөшөт.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эгер газдын баасы доллар эмес, рубль менен эсептелгенде мынчалык кымбат болмок эместигин парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү газдын наркы доллардын чайпалуусунан көз каранды болушу туура эмес экендигин баса белгиледи. Өкмөт бул маселени "Газпром" компаниясы менен сүйлөшүп, оӊ жагына чечиши керек. 

"Мен бул маселени жыл башында эле көтөргөм, ушул кезге чейин тиешелүү чаралар көрүлө элек. Мисалы, 2015-жылдын январь айында 1 куб/метр газдын наркы 13,57 сом болсо, ал ноябрь айында 15,77 сомго чейин көтөрүлдү. Эгер газ баасы доллардын эмес, рублдин кунуна жараша эсептелсе, мынчалык кымбаттамак эмес", — дейт Бекешев.

Белгилей кетсек, газдын наркы Улуттук банк ай башында белгилеген доллардын курсуна жараша жаңыланып турат. Ноябрь айына карата бир кубометр газ калк үчүн 15,77 тыйын деп белгиленсе, өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр 19,18 сомдон төлөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0