Sputnik. Пикирлер: НАТО пункттарынын Европа коопсуздугуна таасири

© Sputnik / Оксана Джадан / Медиабанкка өтүүНАТО аскери. Архив
НАТО аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Populus компаниясы тарабынан 2015-жылдын 25-сентябрынан 15-октябрына чейин Улуу Британия, АКШ, Германия, Франция, Болгария, Венгрия, Чехия, Польша өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Британиянын Populus изилдөө компаниясы Sputnik Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу үчүн НАТО пункттарынын Европа коопсуздугуна тийгизген таасирин иликтеп чыкты. 

Ага ылайык, германиялыктардын 21 пайызы НАТОнун командасынын жайгашуусу мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратат деген оюн билдирген. Мындан тышкары, болгариялыктардын 32 пайызы, польшалыктардын 49 пайызы, венгер элинин 38 пайызы, америкалыктардын 42 пайызы НАТОнун аталган аракетине каршы пикирин айткан. 

ЕАЭБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иликтөө: ЕАЭБдин колдоосуна карабай, кыргызстандык жаштар АКШдан окугусу келет
Ал эми сурамжылоого катышкан сегиз миң адамдын 28 пайызы командалык пункттар Европага эч кандай таасир тийгизбейт деп эсептейт. 

Сурамжылоо Populus компаниясы тарабынан 2015-жылдын 25-сентябрынан 15-октябрына чейин Улуу Британия, АКШ, Германия, Франция, Болгария, Венгрия, Чехия, Польша өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн. Иш-чарага ар бир мамлекеттен 1000ден жаран катышкан. Алар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет.

Ишенимдүүлүктүн 95 пайыз мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.

НАТО пункттарынын ачылышы тууралуу европалыктар менен америкалыктардын пикирин Spuntik инфографикасында көрүңүз>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0