Сурамжылоо: кыргызстандыктар кандай премьер жөнүндө кыялданышат

Жазылуу
Sputnik атайын сурамжылоо жүргүзүп, өкмөттүн башчысы кандай сапаттарга ээ болуш керек жана буга чейинкилердин жетекчилик сапаттарынын кайсынысы үлгү болорун билгенге аракет кылды.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. КСДП фракциясы көпчүлүк коалициясын түзүүгө мандатты президенттин колунан кечээ эле алганы менен, анын курамы боюнча сүйлөшүүлөр мурдатан эле башталганын аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Министрлер кабинетин ким башкара турганын жакынкы арада парламенттик альянс чечет. 

Чиновниктердин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көпчүлүк коалициянын ой-чуңкуру
Эгемендүүлүктүн 24 жылында Кыргызстанда премьер-министр 26 жолу алмашкан. Ар биринин башкаруучулук мөөнөтү орто эсеп менен 10 айды түзөт. Эми Кыргызстан, мүмкүн, эски жаңы өкмөт башчысына ээ болот, бирок ал азырынча эч кимге белгисиз адам болуп чыгышы да ыктымал. 

Sputnik сурамжылоо жүргүзүп, өкмөттүн башчысы кандай сапаттарга ээ болуш керек жана буга чейинкилердин жетекчилик сапаттарынын кайсынысы үлгү болорлугун билгенге аракет кылды. 

Респонденттердин пикиринде, болочок премьер 70-90-жылдардагы саясатчылардан жана акыркы жылдардагы өкмөт башчыларынан да бир аз үлгү алышы керек.

Аликбек Жекшенкулов, мурдагы Тышкы иштер министри:

— Премьер-министр түрдүү сапаттарга ээ болушу керек: саясатчы да, адам катары да репутациясы таза болсо жакшы, бирок андайлар өтө эле аз. Ал Турдакун Усубалиев, Жумабек Ибраимов, Абсамат Масалиев сыяктуу сапаттарга ээ мамлекеттик кызматкер болушу керек. Анан дагы болочок өкмөт башчы экономика тармагында кесипкөй болгону дурус, бирок мурдагы премьерлердин арасынан андайларын билбейм. 

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты:

— Жаңы премьер Жумабек Ибраимов сыяктуу башкаруучулук шыкка ээ, туруктуу жана күтүүсүз нерселерди жасабагандай болушу керек. Экономика маселелери боюнча жакшы адис катары Жоомарт Оторбаев өзүн көрсөтө алды. Ал эми Апас Жумагулов жакшы чарбакер болчу. Реформаторлорду премьер-министрлердин арасынан кезиктире элекмин.

Айжан Сатыбекова, юрист:

— Өкмөттө иштеген адам катары, мага Игорь Чудиновдун иштегени жаккан. Болочок премьер-министр сөзсүз ошондой чарбакер анан кесипкөй болушу керек. Өкмөттү эки жолу башкарган Алмазбек Атамбаев эконмист катары жаман эмес болчу.

Бакыт Толканов, журналист:

— Премьер-министр активдүү болушу керек, бул болсо Сариевге мүнөздүү сапат экени шексиз; атка минерликтин бардык айла-амалын билиши керек, башкача айтканда, Жантөрө Сатыбалдиевден анча-мынча үйрөнсө болот; оор басырыктуулук жана ишти бериле аткарганды, ошондой эле донорлор менен тил табыша билүүчүлүктү Жоомарт Оторбаевден алса. Бирок мунун баары натыйжа бериши үчүн Камчыбек Ташиев сыяктуу бир аз тобокелчил болуусу зарыл.

Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутаты:

— Болочок премьер-министр реформатор жана чарбакер болушу керектиги шексиз, ал эми бул сапаттар Өмүрбек Бабановго мүнөздүү. Дагы ал Апас Жумагуловдой күчтүү жана өз атын булгабаган инсан болушу керек.

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу:

— Өкмөт башчылыгына талапкер Жоомарт Оторбаевдей абийирдүү болушу керек; Сариев же Бабановдой консерватизм менен реформалардын ортосунда ийкемдүү жол таба билиши керек; Атамбаевдей бийлик иштеринен өз тууган-жердештерин оолак кармашы зарыл. Бирок биздин өлкөдө эч бир жек-жааты жок, томолой жетимди табыш кыйын …

Сергей Кожемякин, саясий илимдердин кандидаты:

— Премьер-министрдин башкы сапаты, менин көз карашымда, мекенчил болушу керек. Өкмөттүн болочок башчысына советтик Кыргызстандын жетекчилери Турдакун Усубалиевден, Исхак Раззаковдон, Ахматбек Сүйүмбаевден жана башкалардан үлгү алууну кеңеш кылмакмын. Алардын тушунда өлкө гүлдөп-өсүп, бийлик болсо элдин жыргалчылыгы үчүн иштеген.

Алмаз Насыров, экономика боюнча көз карандысыз эксперт:

— Өкмөттүн эмки башчысы технократ болушу керек жана башкаруучулук процесстерди беш колундай билгени оң. Мындай сапат Султан Ибраимовдо бар болчу, ал мамлекетте болуп жаткандардын бирин да көз жаздымда калтырбай, көмүскө процесстерди да байкай билчү. Жакшы менеджер жана администратор катары өзүн Алмазбек Атамбаев премьерлик кылып турганда көрсөткөн. Албетте, ал дагы Темир Сариевдей мыкты кризис-менеджер болушу зарыл.

Азамат Тынаев, журналист:

— Эч кынтыксыз премьер-министрдин жалпыланган бейнесин жаратуу — кызыктуу иш, бир жагынан пайдалуу да. Саясатта жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө ары-бери чарпылбаган, бирөөнүн көзүн карабай, өз алдынча аракет жүргүзүүгө кудурети жеткен адам сейрек кездешет. Бирок үлгүлүү премьердин "фотороботун" түзүү мен үчүн дагы бир себеп боюнча кыйын. 

Жогорку Кенештеги депутаттын жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көпчүлүк коалицияга "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы да кирүүгө макул болду
Анткеним, 2010-жылга чейин бизде аткаруу бийлик башчыларын президенттер өзүлөрүнө окшоштуруп жана ылайыктап жасап алып келгендиктен, алар мамлекет башчыларынын эле бир алсыз көчүрмөсү болчу. Аларды түгөйү деп атоого да болбойт, ашыкча үн-сөзү жок, президенттин айтканын эки кыла албаган, "ляппай таксырлар" эле. Алардын катарына көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы премьер-министри Насирдин Исанов менен мыкты кесипкөй Амангелди Муралиев кирбейт. Ал эми калгандары — адамдын жаны кейигидей эле көрүнүш. Иши кылып, орду куру болбосун дегендин эле иши болчу. Аларды карап идеалдуу премьердин эмес, өкмөт башчысы кандай болбош керектигин сүрөттөп гана жазса болот!

Бирок Кыргызстанда саясий ландшафт жана аны кыймылдаткыч жол-жоболору өзгөрүп, парламенттин ролу күч алышы менен, премьерлердин касиеттери да, анын менен кошо 2010-жылдан кийин министрлер кабинетин башкарууга үлгүргөн ар бир саясатчынын да сапаттары кескин алмашты.

Алардын ар бири жөнүндө жакшы сөз айтса болот, бирок, менин оюмча, президенттин бир да жолдоочусу өзүн андан артык көрсөтө алган жок. Бул айтканды эле аткарып турган өкмөт башчыларга Кыргызстан тоюп бүткөнүн, күчтүү жана өз алдынча иш алып кете алган премьерге  суусап турганын дагы бир жолу далилдейт. Бирок алардын күчү жана өз алдынчалуулугу мыйзам чыгаруучу бийликтин жоопкерчилиги жана акылга сыярлык көзөмөл алдында болушу менен тең салмакталышы керек. 

Кулов: бардыгы даяр болгондон кийин коалиция шайлоо жоопкерчилигин алышы мүмкүн
Азыркы премьер Темир Сариевди мен ошондой лидерлердин бири деп эсептейм. Анын саясий тажрыйбасы, башкаруучулук мүмкүнчүлүгү жана адам катары жылдыздуулугу бул кызматта натыйжалуу иштегенге жетиштүү болгону менен, мен ага (журналисттер сурагандай, саясий тамаша менен) өзүнөн мурунку өкмөт башчыларынын айрым сапаттарын да бермекмин: Алмазбек Атамбаевдей атомдук муз жаргычтын өжөрлүгү, Өмүрбек Бабановдой өзүн элге таанытуу чеберчилиги, Жантөрө Сатыбалдиевдей кебелбестик, Жоомарт Оторбаевдей интеллигенттүүлүк.

Жаңылыктар түрмөгү
0