Кадыр Маликов: "Жайшуль Махди" террористтик тобу Кыргызстанда пайда болгон

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борбордун директору Кадыр Маликов. Архив
Дин, укук жана саясат көз карандысыз аналитикалык борбордун директору Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дин таануучунун айтымында, Кыргызстанда радикалдашкан экстремисттик топтор жаралат деген коркунуч сакталат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Экстремисттик "Жайшуль Махди" кыймылы Кыргызстанда пайда болгон топ экенин "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борбордун директору Кадыр Маликов билдирди.

Эксперттин айтымында, "Жайшуль Махди" тобу суннит агымындагы такфир-салафит мазмундагы диний көз карашка ээ. 

"Ушундай эле аталыштагы кыймыл Иракта да бар. Бирок бул экөөнү таптакыр салыштырып болбойт", — деди Маликов.

Ал "Жайшуль Махди" араб тилинен "Махдинин армиясы" же "Махдинин жоокерлери" деп которулат. Мусулмандардын ишеними боюнча Даджал келгенде Махди имамы ага каршы жоокерлерди жетектейт, ал эми Иса пайгамбар халифаттын башында туруп, Даджал менен күрөштү тескейт.

"Жайшуль Махди" нукура кыргыз феномени болуп саналат. Анын мүчөлөрү сокур ишеними менен коркунучтуу. Анткени, мындай адамдар аягына чейин барышат", — деди Маликов. 

Анын айтымында, топту түзүү демилгеси 2008-жылы пайда болгон, ал эми эки жылдан кийин ал Кыргызстанда жасалган терактылар менен белгилүү болду.

"Мен бул кыймылды алгачкы катышуучуларды кармалгандан кийин изилдей баштадым. Топтун мүчөлөрү россиялык экстремист, террористтик топтун мүчөсү Саид Бурятский же Абу Саад Саид аль-Буряти менен байланышта болушкан. Анын өзүнүн аты Александр Тихомиров болгон", — деди эксперт.

Кыргызстандык экстремисттер аны ар кандай маселелер боюнча кеңеш сурап, жардыруу, террористтик ишмердүүлүккө үйрөнүп, "жихаддын" башталышын макулдашып турушкан, деди Маликов.

"Топтун ишмердүүлүгү "Аль-Каиданын" аракеттери менен үндөшүп, бир тамырга ээ. Муну кармалган кылмышкер Эдил Абдырахмановдун жанынан табылган эл аралык террористтик топтун желек да тастыктап турат. Айрымдар "Ислам мамлекети" менен мунун кандай тиешеси бар деши мүмкүн. Булардын ортосунда идеологиялык пикир келишпестик жок, топторду дүйнөлүк халифат курууга ар башка көз караштар гана айырмалап турат", — деп белгиледи дин таануучу.

Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Жайшуль-Махди" кыймылы 2010-жылдагы кылмыштары менен эсте калган
Анын айтымында, түрмөдөн качкандар ИМ террористтик топко ант бергенден кийин качууга белсениши мүмкүн. Террористтердин тыштан каражат менен камсыздалбаганын эске алсак, алар өз максаттарын ишке ашыруу үчүн талап-тоноочулук жана карактоо менен акча табышкан. Бул алардын идеялык даярдыгы жана кандай гана болбосун "жихадды" андан ары жылдырууга калоо-умтулуусу абдан күч экенинен кабар берет. Качып чыгып алар Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн улантуу үчүн Афганистан же Сирияга чыгууга жол табышмак.

"Мындай топтордун кооптуулугу алардын кайра жаралуу мүмкүнчүлүгүндө. Бул үчүн тилекке каршы, Кыргызстанда бардык шарттар бар", — деди Маликов.

Түрмөдөн качкандар "Жайшуль-Махди" террордук уюмунун мүчөлөрү болгон
Диний сабатсыздык радикалдуу кыймылдардын тилине тез кирүүгө оңтойлуу шарт түзүп берет. Андыктан бул маселеге өтө кылдат мамиле жасоо жана динчилдердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, деп сөзүн аяктады эксперт.

Кыргызстанда тыюу салынган "Жайшуль Махди" диний уюму жөнүндө Sputnik агенттигинин маалымдамасынан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0