Эксперт: жашоо жакшырып деле кеткен жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Нургүл Акимова. Архив
Экономист Нургүл Акимова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова Sputnik маалымат сайты үчүн жаңы статистикалык маалыматтарды анализдеп берди.

БИШКЕК, 14-авг — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда,  январдан тарта ИДП 7 пайызга өскөн. 

Экономист Нургүл Акимова жаңы статистикалык маалыматтарды анализдеп берди. Анын айтымында, бул экономиканын өсүп жаткандыгы эмес. Көрсөткүчтөр улуттук валютанын баасынын арзандап кетишинен улам көтөрүлдү. 

"Элдин жашоосу жакшырганда адатта, алар кафе, ресторандарга, кызмат көрсөтүүлөргө көп каражат коротот. Биз ИДПдан бул тармактын үлүшү былтыркы жылга салыштымралуу өспөй эле, төмөндөп кеткендигин көрүп жатпайбызбы", — деди ал. 

Мындан сырткары, Нургүл Акимова Улуттук банктын кредит боюнча маалыматтарына токтолду. Анын пикиринде, бул өлкөдөгү абал тууралуу кабар берет. Улуттук банктын отчетунда июль айында кредити бар туруп, экинчисин да алган учурлар арбыганы көрсөтүлөт. 

"Ошону менен катар чакан кредиттерди кайра кайтаруу төрт пайызга төмөндөдү. Мындайча алганда, кредит алган 100 кишинин 15и кайтарып бербеши мүмкүн", — деп айтты Акимова.

Анын айтымында, кыргызстандыктарга чет элдик валюта менен алган карыздарын төлөө кыйын болуп баратат. Буга улуттук валютанын баасынын түшүп кетиши жана инфляция таасир тийгизүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0