Эксперттер "Жер-Үй" боюнча нааразычылыктарды шайлоо менен байланыштырышууда

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүКарьер. Архив
Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чырлуу жагдайлар каржы ресурстарына ээ жана кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөн айрым адамдар тарабынан уюштурулууда дейт эксперт.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Таластыктарды шайлоо алдында упай топтоого кызыкдар адамдар козутуп жатканын Улуттук академиянын биотехнологиялык институтунун директору, эксперт Асанкадыр Жунушов билдирди.

Таласта шейшемби күнү "Жер-Үй" кенин иштетүүгө, мөңгүлөрдүн талкаланышына жана экологиянын бузулушуна каршы митинг болуп өттү. Акцияга болжол менен 500 адам катышкан. 

"Жер-Үй" кенин иштетүү укугун тендердин жыйынтыгы менен россиялык "Восток-Геолдобыча" компаниясы жеңип алган.

Жунушов алтын казуунун варианттары менен ыкмалары, ошондой эле күңгөй-тескейи да дүйнө жүзүнө белгилүү.

"Кен жайын иштетүүдөн кооптонуунун кереги жок. Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан "Жер-Үй" кени боюнча мыйзам чегинде тендер өткөрүлгөн. Мамлекеттин экономикасынын абалы кандай экенин баарыбыз билебиз. Анан эмне үчүн көп киреше алып келе турган нерседен баш тартышыбыз керек", — деди эксперт.

Самосвалдарды жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: "Жер-Үй" кенинин иштеши менен Талас дотациядан чыгат
Жунушов жергиликтүү тургундар кен иштетүүдөн бюджетке түшкөн каражат көлөмү тууралуу дайым эле кабардар боло бербейт дейт. Анын айтымында, экология маселеси да андан көп түшүнүгү жок адамдар тарабынан көтөрүлүп келет.

Эксперттин пикиринде, чырлуу жагдайлар каржы ресурстарына ээ жана кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөн айрым адамдар тарабынан уюштурулууда дейт эксперт..

Экономика илимдеринин доктору Шайлообек Мусакожоев мамлекетте тартип маселеси чектен чыгып, демократия анархия менен алмашып бара жатат деген оюн билдирди.

"Таластыктар токтоо болушу керек. Бул улана берсе өнүккөндүн ордуна артка кетебиз. Мамлекеттин аймагында жайгашкан табигый ресурстар элге тиешелүү. Куру айкырык менен көп нерсеге жетише албайбыз", — деди ал.

"Жер-Үй" алтын кени боюнча Кыргызстанда экинчи орунда туруп, мамлекеттик маанидеги кен байлыктардын тизмесине кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0